www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров: - 24-ноябрда 2019-жылдын 1-январына чейин конституциялык реформаны баштоо боюнча жок эле дегенде, конституциялык кеңешме түзүлсүн анын башчылыгына азыркы президент болсун деген бул сунуш Жогорку Кеңешке жүктөлгөн. Тилекке каршы, муну Жогорку Кеңеш аткарган жок.

Ал эми Президент болсо, Жогорку Кеңештин 80 жылдыгында аны кийинки парламент жазасын, мен ага каршымын деп койду. Ошондуктан, Конституциялык кеңешме деп эч нерсе түзүлгөн жок. Учурда коомдо ар кыл пикир талкууланууда. Конституциялык реформа керек дегендер арбын. Ошол эле Курултайдын чечиминин 14 пунктунда эгерде бийлик же Жогорку Кеңеш президент Конституциялык реформаны баштабаса, анда биз элдик демилеге менен баштайбыз деген чечим бар эле. Ал аткаруу комтитетине жүктөлгөн.

Аткаруу комиттети Курултайды чечүү максатында элдик эки мыйзам даярдады, бири Конституцияга, бири Кумтөр алтын кен долбооруна байланыштуу келишимди денансациялоо. Бүгүн Конституцияга байланыштуу элдик мыйзамдын бет ачаары болот. Кийинки жумада Кумтөрду денансацияло боюнча мыйзамдын бет ачаары күтүлүүдө. Бүгүнкү илимий-практикалык конференциянын негизги максаты - тажрыйбалуу, конституция эмне экенин билген окмуштуулардын ой-пикирин алып, мыйзамга долбоорго пикирлерин угуу. Алардын ой-пикирин билгенде гана кол топтоону баштайбыз. Чакырылган коноктор Конституция эмне экенин түшүнгөн адамдар.

Ошондой эле, конституциялык реформа керекпи, кереги жокпу деп жүргөн адамдар. Курултай өткөндөн бери бийлик тарабынан кандайдыр бир сигнал болдубу? Жогорку Кеңештин 80 жылдыгында президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн пикирин айтты. Ошондон башка сигнал жок. Ошондо Кумтөрдү денансациялоо боюнча каршы пикирин айтты. Конституциялык реформага дагы өзүнүн жеке пикирин каршы деп билдирди.

Бирок, бир топ депутаттар жок биз баштайбыз, Жогорку Кеңеште комиссиялык кеңешме түзөбүз деген пикирин айтканы менен чечим алынган жок. Жеке пикирин биротоло чечим деп айта албаймын, бирок коомчулукка конкреттүү сунуштар түшсө, өзүнүн пикирин алмаштырышы мүмкүн.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости