www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык реформа өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганы тууралуу Элдик курултай уюму 15-январда Бишкекте уюштурган жыйында айтылды. Тийиштүү мыйзам долбоору саясий жана мекенчил күчтөрдүн 24-ноябрдагы курултайынын чечимдеринин негизинде жазылды.

Долбоордо 7 маселе камтылган. Анда референдум өткөрүүнү ушул жылдын 24-ноябрына чейин дайындоо белгиленген.

Жети суроонун ичинде "Конституциянын жаңылоо", "Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо", "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын тандоо", "Аймактык реформа" сыяктуу маселелер камтылган.

Жыйынга саясатчылар жана коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Медеткан Шеримкулов, Курманбек Осмонов, Мукар Чолпонбаев, Турсунбек Акун, Кенжебек Бокоев, Досбол Нур уулу жана башкалар катышты.

Эске салсак, Бишкекте 24-ноябрда коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган курултай өткөрүшкөн болчу. Эзелтеден биздин ата-бабалар Курултай өткөрүп, анда чечилбей жаткан маселелерди чечишчү. Азыркы курултайларда ар кандай маселе каралып, бирок иш жүзүнө ашпай жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости