www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бешеновдун талапкерлигин көрсөттү. 

Жанат Бешенов 49 жашта. Ал көп жыл өкмөт аппаратында иштеген, 2007-жылы транспорт жана жолдор министринин орун басары болгон. Ошондой эле, Бешенов Бишкектеги жана Прагадагы университеттерде окутуучулук менен алектенген. Ал 2017-жылдан бери Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинде темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген.

Эске салсак, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков Мухммедкалый Абылгазиевди аталган министрликке жок дегенде милдетин аткаруучу кылып бир адамды коюш керек болчу. Кадрлар көп, бирок бул маселе бир айдан бери чечилбей жатканына таң калып жатам, проблема эмнеде экени түшүксүз болуп калууда, - дейт депутат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости