www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч депутат, Камчыбек Жолдошбаев, Рыскелди Момбеков, Пархат Тулендыбаев токойго барып эс алып келүү үчүн жолго чыгышат.

Токойго барып бир сыйрадан тамактанып, алигиден сеп этип анан болочокту айта башташат, Сизге депутат болгондун эмнеси жакты, дейт Рыскелди Момбеков Камчыбек мырзага,

--Мага сүйлөп коюп эле айлык ала бергени жакты, сагачы дейт Камчыбек Жолдошбаев Момбековго, анда Момбеков:

--Мен депутат болгондон бери эл арасында эки наамга татыктуу болдум, бири–акын, бири – депутат деп мактанат.

Бир убакта эле депутат Пархат Тулендыбаев ырчы Мерген Турганды кууп жүргөнүн көрүп калышат.

--Ой, сага эмне болду, эмне Мерген Турганды кубалап жүрөсүң?-десе, Пархат мырза ачуусу келип:

--Мен ажаатканага шашып кирсем, олтурганда Гимнди коюп коёт-деп, качып бара жаткан Мерген Турганды каткан топо менен урат...

Анда баш-аламан сүйлөгөн Камчыбек Жолдошбаев,

--Э...дурайын, токойдо ажааткана жок да, эмнеге алдайсың, андан көрө эртең “Беш сарыга” келчи, дейт имиш.

Сарказмга сарасеп, жылмайып коюңуздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости