www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даир Кенекеев "Учкун" ААКнын жетекчиси өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу аталган концерндин ишин алдыга жылдыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын жана өлкө башчысына ыраазычылыгын билдирди.

- Карыздардын өлчөмү көбөйүп, салык, электр энергиясы, жылуулук жана башка чыгымдарды жабуу менен өзүн өзү камсыздоого күчү араң жетип жаткан Мамлекеттик “Учкун” ачык акционердик коомунун бүгүнкү абалы баарыбызга белгилүү. 200гө жакын жарандарыбызды жумуш менен камсыздаган бул ишканадагы кесиптештерибиздин айлык-маяналарын берүүдө дагы бир топ кыйынчылыктар жаралып келүүдө. КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына Мамлекеттик маанидеги документтерди (ДГЗ) Мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашкан акционердик коомдор гана басып чыгаруу мүмкүнчүлүгүн түзгөн өзгөртүү киргизилип, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович кол койду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан колдоого алынып, Президентибиз кол койгон бул мыйзам аркылуу Мамлекеттик “Учкун” басмаканасынын келечегине жол ачылат деген чоң үмүт жаралды. Мындай чечимди Премьер-министрибиз Мухаммедкалый Дүйшекеевич Абылгазиев дагы колдоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алып, ыңгайлуу шарттарды түзүп берет деген ишенимдебиз, - дейт жаңы жетекчи.

Ал эми Дилара Буларкиева жакында ошол эле "Фейсбук" баракчасына мындай деп жазган: -"Учкун" концернине жумуш менен бардым. Бир кезде жаркырап турган имарат башкача абалда экен. Сырты эле жалтырайт. Ичи оңдоп-түзөөгө муктаж. Аралап басып жүрүп, жан дүйнөмдө коркунуч пайда болду. Төбөсүнөн салаңдап турган "проводдо"р башыма түшүп кетеби деп корктум. Ошол жерде иштеген эки эже менен сүйлөшсөм. Алар азыркы Даир Атакуловичке чейин көп жетекчилер иштешти. Оңдомок түгүл, биз менен жакшылыктуу сүйлөшүп көңүл бөлүшкөн эмес. Айлыгыбызды да кечиктирип берчу... Даир Атакулович келгендерден бери ырыскы келгендей болду. Баарыбыз менен бат-баттан жолугушуп, ишти илгерилете турган ой-пикирибизди сурап турат. Жетекчи деген ушундай болуш керек деп ойлойм. Учкунду оңдойт деген зор ишенимибиз бар. Иштегенине үч ай болуп калды иш алдыга жылып калды.  Эжелердин айткандарын угуп мен дагы Даир Атакуловичке терең ыраазы болдум!- деп жазган.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости