www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пранк – чеги жок тамаша
Бизде өзгөчө образдарды алып жүргөн пранкерлер саналуу гана, алардын ичинен эл ичинде көп таанылганы Азирет Осмонов. Пранкерликти бир жылдан бери аркалаган алып баруучуну сөзгө тарттык.
- Азирет, алып баруучулукту аркалап жүрүп, эмне болуп пранкер болуп кеттиң?- Ооба, менин кесибим журналист. Учурда Нью ТВ каналындагы бир долбоордо алып баруучу болуп эмгектенем. Негизи, менден мурда эле пранктар чыгып жүргөн, бирок менин юморлорум интернетке бат тарап, элге көбүрөөк таанылып кетти. Ошогобу, мени “пранктын баштоочусусуң” деп көп айтышат. Негизи, пранк тартып жатканыма бир жылдын жүзү болду. Андан мурда өзүм иштеген телеканалдагы таңкы бир рубрикага беш, үч мүнөттүк пранктарды тартып жүрчүмүн. Бул элдин көңүлүн ачуу максатында эле болчу. Тартылган программаны Ютубдагы баракчабызга жайгаштырганда көп көрүү топточу. Башка социалдык тармактар аркылуу да бат эле элге жайылып кетиптир. Коомдук унаага түшсөм, көчөдө жүрсөм мени карап алып “Азирет Осмонов” деп күлүп калышчу. “Булар мени кайдан таанышат?” деп өзүм таң калчумун. Көрсө, менин пранктарымды көргөндөр көп экен. Ошондон кийин бул жаатка да көңүл буруум керек экендигин түшүнүп, байма-бай пранктарды тарта баштадым.
- Элди тамашага салардан мурда атайын сценарий жазылабы?
- Мен азыр атайын отуруп алып сценарий жазбайм. Башында ошондой болчу. Бирок түзгөн сценарийим менен тамашалап көрсөм жасалмадай болуп эле такыр окшошпой койгон. Азыр көчөгө чыкканда ошол жердеги кырдаалга жараша өзүмдүн импровизациямды кошуп эле тарта беребиз.
- Анан көбүнчө бир аз жетишпеген баланын образын алып чыгасың. Элдер мындай тамашага кандай реакция кылышат?
- Пранктын башкы максаты, элди таң калтыруу болуп саналат. Ошондуктан көп учурда бир аз жетишпеген баланын ролун ойноп, күнүмдүк турмушта колдонулган суроолорду эмес, башкача суроолорду берем. Биздин эл тамашага агрессивдүүрөөк. Бирок кайсы учурда кырдаалдан кантип чыгууну билип, психолог дагы болуп калдым.
- Бир пранк тартуу үчүн канча убакыт көчөдө жүрөсүңөр?
- Ар кандай болуп калат. Мисалы, бир эле чыгарылышта он кишини тамашага сала турган болсом, андан сырткары кадрга кирбеген отуз кишини тамашага салып чыгам. Кээ бир пранктар абдан ийгиликтүү болот. Чыгып эки сааттын ичинде эле бүтүрүп кетесиң. Айрым учурда идея келбей же импровизация иштебей бир күн кечке тартууга туура келет. Ал күнү кадимкидей чарчап калабыз.
- Пранктар профессионалдуу камераларга тартылабы?
- Ооба. Командада эки оператор жана мен иштейбиз. Анткени ар кандай ракурста тартуу үчүн жашынып туруулары керек. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө кичинекей камераларды ар кайсы жерлерге орнотуп коюп тарта беришет.
- Сени таанып калгандар болобу?
- Азыр мени бүткүл Кыргызстан тааныйт десем болбойт. Бизди көбүнчө кыргыз тилдүүлөр жана жаштар көрүшөт. Ошондуктан “киргиздерди” тамашалайбыз. Мени улуу муундагы ага-эжелер таанышпайт, ошого акыркы кездерде аларды тамашага сала баштадым. Эми алар дагы таанып калышса башка нерсе ойлоп табууга туура келет.
- Тамаша максатына жетпей калган учур болду беле?
- Мен бирөө уят болгон, жаман абалда калган, дегеле негативдүү пранктарды чыгарбайм. Анткени пранкка түшкөн адамдын ордуна алгач өзүмдү коюп көрөм. Ушул сыяктуу жагдайлардан улам чыкпай калган бир-эки учур болгон. Бирок тамашабыз өтпөй калган учур боло элек. Бизге күйөрмандарыбыз өздөрү чалып региондорго барып тартууну сунушташат. Кээде жумуштарыбыз менен облустарга барганда “бир ок менен эки коён атып” пранк тарта келебиз. Айрымдары өз сценарийин, кимди тамашага салуу керек экендигине дейре айтып чалышат.
Булак: Леди.kg