www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ИИМдин кызматкеримин деп алдап, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-январда ИИМдин Ички тергөө кызматына белгисиз бир адамга чара көрүүнү суранып бир жаран кайрылган. Арыздануучунун айтымында ал өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, 60 миң сом талап кылган. Болбосо Н.К. жаранына сексуалдык-зомбулук жасоого аракет кылган деген жоопкерчиликке тартарын айтып коркуткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “опузалоо” беренеси боюнча катталды.

21-январда Бишкек шаарынын кафелеринин биринде аталган кылмышка шектүү 35 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Кармоо учурунда анын чөнтөгүнөн “Коомдук контроль” коомдук бирикмесинин күбөлүгү жана рация табылган.

Ведомство кармалган адам эч качан ички иштер органдарында иштебегенин кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости