www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда жылуулук электр борборундагы (ТЭЦ) авария боюнча соттук кароо уланууда. Соттук жыйын учурунда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Сыдыков мамлекетке келтирилген чыгымдын бир бөлүгү төлөнгөндүгүн айтып, аны Артыкбаевдин өзү эмес башка адамдар калыбына келтиргендигин билдирди.

-Осмонбек Артыкбаев күнөөнү мойнуна алган жок, өзүн күнөөлү сезбейт. Мамлекетке келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн башка, үчүнчү тарап төлөп берди. Бул жагдай анын соттук процесстеги жагдайын жеңилдетүү максатында жасалган. Себеби, ал маалда Артыкбаевге операция жасалып, абалы көңүл жылытаарлык эмес болчу, - дейт адвокат Нурлан Сыдыков.

Буга чейин маалым болгондой Осмонбек Артыкбаев мамлекетке келтирилген чыгымдын бир бөлүгү, 100 миллион сомду Башкы прокуратуранын  бирдиктүү эсебине которгон. Ал каражаттар “Электр тармактары” ишканасынын кытайлык “Эксимбанктын” алдындагы карыздарын жоюуга жумшала тургандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости