www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-январда, Жогорку Кеңеште атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Искандер Гайпкулов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү банк жана төлөм тутумдарынын рыногуна чыгаруу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төмөндөтүү, инновациялык ишти жөнгө салуу, ошондой эле талдап-иликтөөлөрдүн негизинде чечимдерди кабыл алуудагы тоскоолдуктарды азайтуу максатында иштелип чыккан.
«Бул мыйзам долбоору аркылуу «КР Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда. Анткени, нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча программада каралган иш-чараларды, анын ичинде сандык көрсөткүчтөрдү жүзөгө ашыруу банк жана төлөм системаларынын ишин өркүндөтүү жана банк тутумунда нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү аркылуу гана жетишүүгө болот», - деди Искандер Гайпкулов.
Депутат каржы рыногу жалаң эле банк тутумунан турбасын эске салып, анын Финкөзөмөл кызматы тарабынан жөнгө салынганы туура болорун белгиледи.
Булак: NazarNews.kg