www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү диний аалым, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун төрөлүп-өскөн Бай-Мундуз айылына барды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КМДБ жетекчиси иш сапарынын алкагында экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун атасы Тажибай Жалиловду жана маркум аалымдын жакындарын зыярат кылып, дубаларын алды. 

Зыяраттын жүрүшүндө Чубак ажыдай уулду тарбиялап өстүргөн атага Кыргызстан мусулмандарынын атынан ыраазычылык билдирип, илим жана аалымдын пазилеттери боюнча кеңири токтолду.

«Чубак ажы жөн гана аалым эмес, феномен. Орто Азияга таанылган омоктуу кыргыз аалымы. Кыргызстан мусулмандарынын башында муфтий болуп турган кезинде бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө дагы бир катар багыттарда муфтият ал киши салып берген жол менен баратат. Мисалы, ажылык. Ажылык иштерин реформалоодо жана ачык-айкындаштырууда шейх Чубак ажынын реформасы дале өз жемишин берүүдө. Чубак ажы «караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» чечен, көрөңгөлүү, илимий куржуну толо керемет инсан болгон. Анын суроо-жооп аркылуу диний насаат айтканы бүгүнкү күндө дагы актуалдуу болуп, мусулман бир туугандарыбызга пайдасын тийгизип келет. Мына ушундай үлкөн аалымды берген Бай-Мундуз айылында болуу – бизге бакыт. Чубак ажыны (рохматуллохи алейхи) тарбиялап өстүргөн Тажибай ата миң мертебе ыракмат», – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө.  

КМДБ жетекчиси өз сөзүндө көрүнүктүү кыргыз аалымы Чубак ажы Жалилов мусулман кыргыз эс тутумунда кала берерин белгиледи. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-2-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында ата мекендик демөөрчүлөрдүн колдоосу, муфтияттын уюштуруусу менен маркум аалымдын жаркын элесине арналып республикалык Куран конкурсу өткөрүлүп жатканын кошумчалады. 

Айта кетсек, Азирети Муфтий көзү өтүп кеткен Азирети Муфтийлердин жакындарынан кабар алып, экс-муфтийлердин кабырларын зыярат кылып, ыйык Куран тилават кылууда.

Последние новости