www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Электр станциялар" ААКынын командасы эки айга созулган жана 11 команданы чогулткан 8×8 форматындагы жергиликтүү футбол турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Турнирдин уюштуруучусу Кара-Көл шаарынын Мэриясы болду. Мелдеш шаардын эмгек жамааттарын жана футбол сүйүүчүлөрүн бириктирген жаркын спорттук окуяга айланды. Бардык беттештердин жүрүшүндө "Электр станциялар" ААК командасы жогорку даярдыкты, командалык духту жана жеңишке умтулууну көрсөттү.

Финалдык беттеште биздин команда күчтүү атаандаш – Камбар-Ата ГЭС филиалынын командасы менен беттешти. Оюндун негизги убактысы курч күрөш менен аяктап, чемпиондук тагдыры пенальтилер сериясында чечилди. Он бир метрлик белгиден урулган соккулардын драмалык сериясында "Электр станциялар" ААКынын командасы туруктуулукту жана тактыкты көрсөтүп, татыктуу жеңишке жетишип, турнирдин чемпиондук титулун жеңип алды. 

Жеңиш команданын биримдигинин, спорттук мүнөзүнүн жана кесиптештердин колдоосунун натыйжасы болду. Мелдештин жыйынтыгы боюнча командага акчалай сыйлык ыйгарылды. 
Мындан тышкары, "Электр станциялар" ААКынын командасынын оюнчусу Ноотиев Б.М. турнирдин мыкты оюнчусу деп табылып, өзүнчө сыйлык менен белгиленди. 

"Электр станциялар" ААКы оюнчуларды мыкты жыйынтыгы менен куттуктайт жана турнирдин уюштуруучуларына жана бардык катышуучуларына таза жана көрүүчүлөргө жагымдуу оюну үчүн ыраазычылык билдирет. Компания кызматкерлер арасында спортту жана сергек жашоону өнүктүрүүнү, корпоративдик маданиятты чыңдоону мындан ары да колдойт.
 

Последние новости