www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-8-март күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын бири Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылындагы №84 мектепке өзүнчө 750 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Башкы планга ылайык, мектеп 3 кабаттуу имарат болуп курулат. Долбоордо билим берүү үчүн бардык шарттар каралып, мектеп 1500 окуучуну кабыл алууга ылайыкталып пландалган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери этап-этабы менен кызуу журүп жатат.
Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана белгиленген графиктен кечиктирбөө талабын койду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.