www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүгө жана калкты электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылууда. Министрлик тарабынан бекитилген программалардын алкагында өлкөнүн аймактарында электр тармактарын жаңылоо жана жаңы энергетикалык объектилерди пайдаланууга берүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан 35–10 кВ чыңалуудагы аба электр берүү линиялары үчүн траверсаларды даярдоочу өндүрүштүк цех пайдаланууга берилди.
Өз цехтин ачылышы ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана Чүй облусунун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоону жакшыртууга багытталган. Траверсалар — электр берүү чубалгы тирөөчтөрүнүн маанилүү конструкциялык элементи болуп саналат. Алар зымдарды жана изоляторлорду бекем орнотууну камсыздап, линиялардын шамал жана ар кандай климаттык жүктөмдөргө туруктуулугун жогорулатат.
Буга чейин аталган металл конструкциялар сырттан сатып алынып келген. Эми өз өндүрүшүн уюштуруу төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:
- курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштеринин мөөнөтүн кыскартуу;
- райондук электр тармактарын керектүү материалдар менен ыкчам камсыз кылуу;
- өндүрүш чыгымдарын азайтуу;
- чыгарылган продукциянын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү.
Цехте металлды иштетүүнүн заманбап технологиялары колдонулат. Өндүрүш процесси техникалык талаптарга жана өндүрүштүк коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.