www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо), Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо) ратификациялоо жөнүндө" КР мйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Белгиленген макулдашуулар мектептин жана жогорку билим берүүнүн деңгээлинде илимге, технологияга, инженерияга жана математикага өзгөчө басым жасоо менен бардык предметтерди окутууну жакшыртууга багытталган.

Макулдашуулар менен КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 200 токтому менен бекитилген 2021-2040-жылдарга Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү программасын санариптик окутуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүк, ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, педагогикалык кадрлардын потенциалын өнүктүрүү, мектепти профилдештирүү бөлүгүндө, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү жааттарында ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн финансылык каражат бөлүп берүү каралат.

Аталган макулдашуулардын алкагында Кыргызстанга 40 000 000 (кырк миллион) АКШ доллары өлчөмүндө (20 миллион доллары - гранттык негизде жана 20 миллион доллары - кредиттик негизде) финансылык жардам көрсөтүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости