www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз селдин алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштерин баштадык". Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров  "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде айтты. 

"Алгач селден жабыркаган, селдин кесепетинен каза болгон жарандарыбыздын жакындарына көңүл айтып коёюн. Кайрат кылыңыздар. Өтүп кеткендерди Кудай өз мээримине алсын деп тилейли. Куран окуп туралы. Башка арга жок.

Табияттын кырсыгынан эч ким качып кутула албайт экен. Мен-мен деген дүйнөлүк чоң-чоң державалар дагы табияттын кырсыктарына туруштук бере албай жатканын көрүп эле атпайбызбы.

Биз селдин алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштерин баштадык. Бир топ жерлерде иштер жүрүп жатат. Мындай иштер мындан ары да уланып кете берет. Өзүңүздөр билесиздер, мурда курулуш иштерин жүргүзчү техникалардын баары тээ 90-жылдардагы эскилиги жеткен техникалар болчу. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери техникаларды минбей эле, техникалар өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлерин минип калган. Курулуш иштери, алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй калган.

Билесиздер, акыркы үч жыл ичинде техникаларын толук жаңыртып бүттүк. Былтыртан бери эле алгылыктуу иштер башталды. Эми бүткүл республика боюнча бир эле жылда бардык аймактарда селдин алдын алчу жерлерди бүтүрүп салыш кыйын да.

Кудай буюрса, жыл сайын курулуш иштерин жүргүзүп олтуруп, келечекте бүтүрөбүз. Мындай алдын алуу иштери тынымсыз уланат",- деди Садыр Жапаров. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости