www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары калаа мэрин шайлашты. Ал, күтүлгөндөй эле, жалгыз талапкер Азиз Суракматов болду. Шайлоого жашыруун добуш берүү менен өтүп, ага 44 депутат катышты. Суракматов үчүн шайлоочулардын 43 колдоп, 1 каршы добуш беришкен. Добуштардын санын уккан депутаттар дуулдата кол чаап кубатташты. Бирок, анын мэр болуп шайланышын кубаттагандар аз болуп, шайлоонун калыстыгы менен адилеттиги ишеним жарата алган жок. Анткени, депутаттардын басымдуу көпчүлүгү бизнес сектордун өкүлдөрү, мэрия аркылуу шаардын чүйгүн чөйрөлөрүн ээлеп алып ишкердик жүргүзгөндөр болууда. Бул депутаттар мурдагы мэрлер Иса Өмүркуловду, Кубанычбек Кулматовду, Албек Ибраимовду да бир добуштан шайлап келишкен. Ал мэрлердин баары КСДП партиясынан жылдырылган кадрлар болчу. Кийин аларга кылмыш иштери козголуп, экөөсү учурда абакта отурат.

Шаар мэрлигине көпчүлүк коалициядан жалгыз талапкер – Азиз Суракматов сунушталган. Башка фракциялар, премьер-министр талапкер жылдыруу боюнча укуктарын пайдаланышкан эмес. Азиз Суракматовдун талапкерлиги жарандык комдун катуу каршылыгын жаратып, аны бизнес топтордун, бир ууч саясий кландардын кызыкчылыгын гана алып барган олигарх талапкер катары бааланууда. Талапкердин калаада ири курулуш бизнеси бар экендиги, масштабдуу 15 кыймылсыз мүлк объектиси, ондогон фирмалары анын бизнес кызыкчылыкты кууган адам экендигин көрсөтүп, калк кызыкчылыгына иштээрине ишеним туудурбай турат.

Шайлоону утурлай Бишкек мэриясынын алдында Азиз Суракматовдун талапкерлигине каршы нааразылык акция өттү. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, бул шайлоо демократиянын принциптерин бузаарын, шаар калкынын кызыкчылыгы чете калганын айтышты. Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган байкоочу топ шайлоо киргизилген жок. Бул шайлоо калктын бийликке, президентке болгон ишенимине олуттуу өзгөрүүлөдү алып келээри айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости