www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кара кыргыз» деген 7 томдон турган кыргызча китеп бар, анда кыргыз эли 8 миң жыл мурун белгилүү болгон дейт. Кытай жылнаамасынын божомолу менен кыргыздардын тарыхы биздин заманга чейин он кылым же миң жыл мурун жазылганын далилдеген. Ошол мезгилде белгилүү болуп калган кыргыздар эмнеге аз? Отуз кылымдан бери келаткан кыргыздар миллиард болбосо да, жүз миллионду чапчып калмак эмес беле? Балким, кыргыздардын эч кимди кошуп албаганы жана чабылып,чачылып келгени калкынын өсүшүнө тескери таасир тийгизгендир. Чынында кыргыздар орус, өзбек, америкалык сыяктуу башка калктын өкүлдөрүн жанына жакын жуутпайт.
Бул заманга чейин 1000 жыл мурун кыргыздар жөнүндө кытайлыктар маалымат жазышкан. Бул маалыматтар тууралуу толук байыркы кытайдын тилин үйрөнүп алып чыгыш керек. Бул тарыхчылардын милдети. Дал ошол кезде биздин доорго чейин он кылым мурун, Крым тарапта Киммерия деген албуут мамлекет болгон. Булардын согуштук жортуулдарынан Ассирия, Урарту, Фригия, Греция сыяктуу мамлекеттер жапа чегип турган. Арийне, талаа-түстүн кожоюндары чет элдиктер скиф, сак деп аттарын койгон биздин ата-бабаларыбыз Киммериянын да жанын койбой биздин доорго чейин VII кылымда коргонгон чеби менен кошо таш-талканы чыгат. Бир кылым өтпөй Киммерия аты-жыты менен жок болуп, тарыхта аты гана калат. Биздин ата-бабаларыбыздын колуна Киммериянын сансыз байлыгы өтөт.
5000 миң жыл мурун Борбордук Азиядагы цивилизациясы жогору көчмөн уруулар Кытайды басып алышкан. Ушул мезгилден баштап жазуу доору башталат. Бул урууларды кытай өзүнө сиңирип алган. Негизи кытай ким аны басып албасын аягы өзүнө сиңирип алат. Булар балким биздин ата-тектерибиздир? Биздин заманга чейин 1122-жылы Чосон (Корея) мамлекети Кытайдан бөлүнүп түзүлгөн. Биздин заманга чейин 650 жылы «Дай Ниппон» дешип күн чыгышта Япония түзүлөт, ошол мезгилде Азиядан ооп барган майя, ацтек, инктердин доору Америкада жүрүп жаткан.
4300 жыл мурун Кытайда металл,темир иштетүү башталган, ошол эле мезгилдерде ал жакта күн саатын ойлоп чыгышкан. Биздин заманга чейин 1814-1754-жылдары Ассирия гүлдөп, биздин заманга чейин 1500 жылдары уйду үй жаныбарына айлантышкан. Биздин заманга чейин 1350-жылы еврейлердин башын кошуп Муса пайгамбар жашаган. Салыштырсак биздин заманга чейин 3250-жылдары Ефврат-Тигр боюндагы шумерлер клинопись жазуусу пайда болгон. Биздин заманга чейин 2500 азыркы ядролук куралга ээ болгондой эле байыркы көчмөн азиялыктар жапайы жылкыны кармоо үчүн укурукту ойлоп таап, жылкыны үй жаныбарына айлантышкан. Алар ат жабдыктарын ойлоп таап, жылкы минип согушуу ыкмаларын кеңири үйрөнгөндөн улам Кытай мамлекети коргонуу үчүн өткөн доордо эле сепилдерди кура баштаган.
Биздин заманга чейин 480-447-жылы Кытай тарыхында Кыргыз мамлекети жөнүндө толук маалыматтар бар. Ал кездерде Кыргыз мамлекети азыркы Монголияда жашап, борбору Кыргыз-Нур болгон. Ошол кезде кыргыздар жашаган аймакта жер-суу аттары ушул кезге чейин сакталып калган: Өмүр (Амур), Аңгыра (Ангара), Эне- Сай, Туңгус, Саян, Алтай; Үркүт (Иркутск), Кабар (Хабаровск), Кызыл-Жар (Красноярск), Байкөл (Байкал), Миң-Суу (Минусинск). Салыштырсак Байыркы Грециянын гүлдөшү биздин заманга чейин 400 жылга туура келет. Сократ, Платон, Софокл, Перикл, Аристофандын өмүрү ушул мезгилге туура келет. Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) биздин заманга чейин 356-323 жылы жашаган. Ал кыргыз жергесине чейин келип грек жаңгагын Арсланбабдан алып кеткен. Кыргыз жергесине терең кирбей ошол жерден Индияга бурулуп кеткен.
Европалыктар кытайлыктарды Цин (Чын) деп аташат. Цин династиясы бийликке биздин заманга чейин 250-жылдары келет. Ошонун атынан азыркы «Цин» (Чын) мамлекетинин аты чыккан. Биздин заманга чейин 200 –жылдары Кытайда алгачкы эл каттоо болуп калктын саны 50 миллионго жеткен. Биздин заманга чейин 250-200 жыл мурун кыргыздар зор мамлекетти түзүшүп, 201-жылы Кытайга элчиликке барган. 1992-жылы 13-17- майда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик делегациясы Кытайга барганда, аларга кытай дипломаттары эки мамлекеттин ортосундага алгачкы келишим 2300 жыл мурун түзүлгөнүн бекемдеген ар бири миңден ашык бет болгон 25 томдук жазма тарыхты көрсөткөн. Бул али толук изилдене элек тарыхий булак. СССР убагында муну изилдөө саясатка туура эмес болгон. Кыргыздын байыркы тарыхы кытай жазма булагында калып калган.
Кыргыздар Кытай десек, өздөрү Чын (Цин) мамлекети, ханзу эли дешет. Германия жашоочуларын немецтер дейбиз, алар өздөрүн Дойчланд мамлекети, улутун дойче дешет, биз Орусия, орус десек өздөрүн Россия, русские, Чеченстан, чечен десек өздөрүн Ичкерия, нохчу дешет. Грузия, грузиндер Сакартвели, сакартвелос дешет. Кыргыз элинин миңдеген жылдык тарыхында ар ким ар кандай айтышкан. Славяндар «Ы» тамгасын айта алышпай «киргиз» дешип келген. «Р» тамгасы жок кытайлар кыргыз деп ачык жаза алышпай, ар башка мезгилде ар кандай жазышкан. Кытайча: гун, кун, хун, кягас, хягас, гянь, гянгун, килики, хагас, хирхиз, цзилицзинь, цзянь-гун, кыйкыс, килигис, кэргис, кягыс, каргас, цзянн-гунн, ки-лики-дзе, хяркяс, хыргыс деп окулуп келген.
Биздин заманга чейин 99 жылы кытай менен кырчылдашкан согушта туткунга түшкөн Кытай аскер башчысы Ли-Лин кийинчерек кайра урматталып кыргыз жергесинде акимдик кызмат өтөгөн. Биздин заманга чейин 49- жылы Кыргыз аскеринин түштүккө карай жортуулу болгон. 210-жылы Түмөн каган Кытай мамлекетинин бир топ сепилин багынтып салык алып турган. Иса пайгамбардын төрөлүшү жаңы жыл эсеби башталат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg