www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катарда болуп жаткан футбол боюнча бүгүн финал болот. Француздар менен аргентикалыктардын катуу беттеши күтүлүп жатат. Кечээ Катардын стадионунда өзбектер туусун көтөрүп Мароккону колдоп отурушту. Ойлоп койом кокус тилегибиз ишке ашып Кыргызстан футбол боюнча дүйнөнүн чемпиону болуп калсак Аскар Салымбековдон башка карманар эч кимибиз жокпу? Өзүбүз дүйнөнүн чемпиону болгон атсак, жапжалгыз Салымбеков гана колдоп отурса, элге уят болуп калабыз го. Анткени Рио-де-Жанейро, Кытайда, Токиодо жалгыз эле Салымбеков жүргөнсүйт. Орусияда футбол болгондо ошол жакта жүргөн кыкымдер ээрчип алыптыр, калган жакта жалгыз эле.
Футбол боюнча кыргыздар өркүндөп баратканы чындык. Бирманы (Мьянма) 7:0 эсебинде талкалап, монголдорду да жеңип алдыга чыкты. Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында да бир депутат футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу сунушу менен чыкты. Депутат акыркы мезгилдердеги Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаратып жаткан ийгиликтерине, жеӊиштерине токтолду. Курама команда Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келет. Муну менен элдин биримдиги, ынтымагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Бул керек болсо идеологияга айланат. Футбол адамдардын башын бириктирген оюн экенин, ал биримдиктин символу болуп калаарын айтып, мамлекет Кыргызстан элинин сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, кыргыз курама командасын колдоого алышы керектигин баса белгиледи. Бул жагынан бийлик тарабынан кубоктор ойнолуп жатат. Спорт тарабынан да Кыргызстан союз убагында жетишкендикке жеткен. Бир гана Москвада 1980-жылы болгон жайкы олимпиада учурунда бир нече алтын, күмүш, коло медалдардын ээси болгонбуз. Бүгүнкү күнү да спортсмендерибиз Азия боюнча ири мелдештерде жеңишке жетишип келатат.
Стадион боюнча маселени көтөргөн кыргыз кулундарынын бири Аскар Салымбеков. Себеби мезгил карап жатпайт, өтө берет, ал эми экономикасы чакан биздей Кыргызстан сыяктуу мамлекетке стадион куруу үчүн 50 миллион доллардын тегерегинде акча керек. Же кыргыздын сому менен алганда 3 миллиард 500 миллион сом керектелет. Бул абдан чоӊ каражат. Жаңы стадионду салууга өкмөт инвестиция тартышы зарыл. Акырындык менен тийешелүү аракеттер көрүлүп жатат. Бирок эӊ ириде стадион салыш үчүн жер маселеси талапка ылайык чечилиши керек. Жер болсо өз колубузда. Мына ушул жер маселесин чечүү аракети бюрократтык сезимдерден улам бир аз созулуп жаткандай. Бишкектин түштүк тарабынан заманбап стадион салганга 30 гектар жер бөлүндү десек болчудай. Бул стадионду салуу үчүн акактап жүргөн Аскар Салымбековдун айтканы боюнча, ал жердин документтери толук бүтө элек. 12 гектары өкмөт аркылуу чечилди. 18 гектар жерин чечүү маселесин өкмөт мэрияга тапшырган. Ал жерлер Бишкек мэрлеринин мээримсиз аракеттеринен башкаларга берилип кеткен экен. Азыр ал жерди кайра кайтарып алуу үчүн сот иштери жүрүп жатат. Кудай буйруса, ал 30 гектар жерге 30-35 миӊ орундук эл аралык деӊгээлдеги футболдук стадион, 7-8 миӊ орундук заманбап жабык түрүндө спорт сарай салынышы керек. Бул үчүн дыкаттык менен иш алып баруу зарыл
Спорт сарайдын ичинде күрөш, волейбол, бассейн сыяктуу кышы-жайы ойноло турган спорттун түрлөрүнө ылайык жайлардын болушу абзел. Ошондой эле ал жерде концерттер, ар кандай чоӊ иш –чаралар болуп турат деген максат бар. Мындан тышкары, биздин хоккейибиз дагы жакшы өнүгүп келатпайбы. Ошон үчүн жок дегенде 5 миӊ адам бата турган хоккей стадионун да куруу каралып жатат. Аскар Салымбеков өкмөткө, президентке ушул спорт стадионун курууну 7-8 курулуш компаниясына салдырууну сунуштап жатат. Балким бул сунуш да туурадыр, анткени бир компания салган ТЭЦтен ызы-чуулар чыгып, ушул күнгө чейин аягына чыкпай келатат. Ошондуктан, көзөмөлдүктү көбөйтүп, андан тышкары ар ким өз акчаларына заманбап спорт сарайын салышсын дагы, өздөрү кожоюн болуп кирип, акционердик коом кылып иштетишсин. Мына ушундай ыкма менен мамлекетибиз сонун спорт сарайлуу болуп калат. Ушул багытта жакшылап аракет кылсак, буйруса жакшы жыйынтык чыгары бышык.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg