www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Элчилер башка мамлекетте зыңкыйган дипломат адамдар, бизде оң айтса тетири сүйлөгөн, ким бийлик десе акактап турган Текебаев, коркконунан койондой болуп атын улам-улам өзгөртүп турган Гүлнара Самат, мурунку өкмөт башчысы Марипов жана башкалар. Буларды жетектеген Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев деген бар. Министр Кулубаевдин бийликке кулдук урганынан башка иши жок.  Эт эмес же чел эмес, кылган ишинин дайыны жок. Министр болгону тышкы саясатта Кыргызстандын бедели төмөндөп кетти. Орусия менен мамиле сууду. Тажикстан менен эки жолу куралдуу кагылышуу болуп, жүздөгөн жарандарыбыздан айрылып, кас абалга жеттик. Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычын, Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты алды. Кыргызстан утулуп эле жатат. Мына эми жайлата суу алган Казакстан чек арасын жаап отурат. Ишкерлер банкрот болууда. 

Ушунун баары мажүрөө, өз ишин жыйынтыктуу билбеген министр Жээнбек Кулубаевдин коңшулар менен дипломатиялык жылуу мамиле түзө албаганынын кесепети десек жарашат. 

Тышта мигрант болуп кеткен жарандарыбыздын укуктары тебеленип кор болуп жаткан көрүнүштөрдү айтпай эле коёлу. Мына бир эле мисал, Казакстанда "подстава" болуп кармалып, бир нече айдан бери камакта отурган кыргыздын мыкты жигиттеринин бири, ишкер Эрмек Маркабаевдин тагдырына башым деген жок. Коомчулукта бул жагдай боюнча көптөн бери маселе көтөрүлүп келет. 

Акыркы маалыматтарга таянсак, Алматыда камакта ишкер Эрмек Маркабаевди кечээ Талдыкоргондогу СИЗОго алып кетишиптир. Эмне үчүн анын кармалып турган жерин алмаштырып жатышканы белгисиз. Ушул маселеге Кулубаев маани берип, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу укугу бузулган Маркабаевди бошотуу маселесин сүйлөшсө болмок. Өз жаранынын укугун коргой албаса, эмне кылып отурат? Айлык алып отура берген маймылдын деле колунан келет. Башына кыйынчылык түшкөн Кыргызстандын ар бир жараны үчүн күнү-түнү чуркап иштей турган жерде эле? Жок, отурат ымтырап. Эмне кереги бар ушундай министрдин?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости