www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-сентябрда кыргыз балбаны Айпери Медет кызы өлкөгө кайтып келди. Финалдык беттеште бутунан жаракат алып калган балбан кыз NazarNews маалыматтык агенттигине берген маегинде тиешелүү текшерүүдөн эртең өтө турганын билдирди. 

"Дүйнө чемпиондугу мен үчүн жакшы өттү десем болот. Финалдык беттеште бутумду бир аз кокустатып алдым. Эртең барып УЗИге же МРТге тарттырып көрөбүз. 

Алдыда Азия оюндары бар. Эгерде алган жаракатым жеңил болсо, барганга аракет кылам", - дейт ал. 

Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Медет кызы 76 килограмм чейинки салмак ченинде күч сынашып, 4 атаандашын тең жеңип, финалга чыккан.

Муну менен спортчу кыз Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия уткан.

Бирок финалдык беттеште япониялык спортчу Юка Кагами менен кез келип, бутунан жаракат алган. Жыйынтыгында Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости