www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев дегенде чоң аягын көтөрө чуркагандар жаңы пробелеманы башташты. Экс-маданият министри Рыскелди Момбеков козголду. Экс-министр биринчиден трайбалисттиктен алыс кете алган жок. Кантсе да Кыргыз эл артисти, УТРКнын “Улутман” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Түгөлбай Казаков таластык болгон соң Рыскелди Момбеков жөн калууга бовойт да, буга чейин ардактуу эс алууга кеткен Түкөбүз Рысбай Абдыкадыров экөө кыргыздын «Моцарттары». Телеберүүдө иштебесе да «Моцарт»боюнча калышат.
Коомчулук анын кетишине нараазылыгын билдирип, социалдык тармакка өз ойлорун жазышууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков да өз пикирин билдирип: "Маданият министрлиги унчукпаса да, мындайда мамлекеттик катчыбыз калыс сөзүн айтса болмок, кантсе да сөз баккан адам эмеспи..Күтө туралычы", - деген.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов көп күттүрбөй Казаковдун УТРКдан кетиши боюнча үн катты. "Барктуу миң кишинин ичинен, Нарктуу бир киши ишинен кетсе, мен курактагы : -- " Шатыра шатман жаштар менен отура албай,же, каада күтүп карыларга кошула албай"-- ортодо арабөк калгандардын беттерине түгү чыгып, денелери куш эт болуп, үшүгөндү шишиген жетелейт дегендей ,жел жете электе эле желп этип серпилген интернет айдыңына ачылбаган туюк сөз тарап кетти.
Кирип барсам эле, ээ кудайсүйгүр Сүкө, ызы чууну токтотпойсуңбу деди Жарыктык.
Жагдайдын чоо жайы...
Мындан 15 жыл мурда КТРКге келгенде эле, штатка кирбейм, жаштар кабыргасын батырып тажырыйба алсын деп,мен келишим түзүп ушу күнгө чейин эмгектендим. Элге белгилүү теледолбоорлорду жетектеп алпардым. Келишимге деп чектелген каражаттын аякташына байланыштуу биртобубуз ыр-чыры жок эле ,кадыресе иштен кеттик. Өзүм дагы Манас театры менен маңдайлашып, акылым, акындарга, дастанчыларга, комузчуларга дабаа болсо, жардамдашсамбы деген ойго келдим эле деди.
Учурдагы КТРКнын жетекчиси Болот Тиллебаевге дагы алып калабыз деп алешемдик кылбагыла, мен үчүн бир дагы кызматкерге ыдык көргөзүлбөсүн дептир.
Арийне, Түкөм 70ке жетип, акылы тунуп, наристенин көз жашындай таза мөлтүрөп, мелт калт болуп турган учуру.
Жараткан, Кадырлуу, Нарктуу Түкөбүздүн мээнетти жалпайткан, дөөлөттү дөмпөйткөн дареметин баарыбызга насип кылсын.
Өзү жактырып таап алчу багытына таш жаңсабай тынч туралы", - деди Касмамбетов.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков УТРКда эмгектенип келген Түгөлбай Казаковдун ардактуу эс алууга кетиши тууралуу пикирин билдирди.
"Кыргыз Эл артисти, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаковдун УТРКдан кетирилиши, ашырып айтканда пастык, жашырып айтканда кастык. Ушул адам УТРКга кандай оорчулук жаратканын билбейт экем. Бирок анын теледен кетиши, көпчүлүк көрөрмандарга оорчулук жаратарын жакшы билем. Асыресе, ал жакта азыр Түкөңдөй түгөл билген алып баруучу жок болсо керек эле. Каада-салттын каймагын калпыган, ырым-жырымдын ырын билген, үрп-адаттын сырын билген мындай адамдар азыркыдай алпуурушкан кырдаалда абадай эле керек го...
Аны кетириштин эмне кажети бар эле.. Кеп Түкөмдүн жашында эмес, кеп Түкөмдүн башында го, маселе анын курагында эмес, маселе анын айта турган убагында го...
Орусиянын "Россия" каналында Михалковдун орду канча болсо, Түкөңдүн орду УТРКда ошончо болот го дейм. Түгөлбай Казаков бул, - кыргыз салтын алып баруучу адам эмес, кылым карыткан кыргыз салтын алып калуучу адам. " Улутмандын" негиздөөчүсү эмес, улуттук маданияттын тегиздөөчүсү. Маданият министрлиги унчукпаса да, мындай да мамлекеттик катчыбыз калыс сөзүн айтса болмок, кантсе да сөз баккан адам эмеспи..Күтө туралычы...", - деп жазган Момбеков.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg