www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциядагы чуулгандуу Эммануэль Макрондун пенсия реформасы жергиликтүү Конституциялык сотто мыйзамдуу деп табылып, андан соң жактырылды. Бул тууралуу AFP агенттиги билдирет.

Мындан ары Францияда жарандар пенсия курагына 64 жаштан чыгышат. Бул реформага эки айдан бери өлкөнүн бардык ири шаарларында он миңдеген демонстранттар каршы чыгып келишкен.

Radio France Info билдиргендей, Франциянын Конституциялык кеңеши реформаны мыйзамдуу деп гана тааныбастан, пенсия курагын көтөрүүнү жокко чыгаруу боюнча референдум өткөрүү өтүнүчүн да четке какты.

Буга чейин KP.RU агенттиги Францияда бир жумадан бери ири масштабдуу нааразылык акциялары басылбай, анархияга айланып, Макрондун пенсия реформасынан улам жарандар менен укук коргоо кызматкерлеринин жаңжалдашып жатканын билдирген. Бул акциялардын уюштуруучуларынын бири жакында өлкөнү чыныгы социалдык жарылуу күтүп тураарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости