www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде прокурордон башка адам жашабайбы, кокус прокурор тыртайып өлүп калса 21 миллион сом жөлөк пул беребиз. Башка киши өлсө «ай, ырас өлбөдүбү» деп, ит өлгөндөй да көрбөйбүз. Байкуш  прокурор пенсияга чыкса да акчасы жок эмеспи деп, бир жылдык айлык акысын чогултуп жөлөк пул беребиз. Прокурор айына минимум 81 000 сомдон 316 000 сомго чейин табат. 316 миң  сом таап пенсияга чыкса 3 миллион 792 миң сом беребиз. Башкалар 5-6 миң сом айлык менен жалдырап коюп жүрө берели, Кудай бар эмеспи асманда, жерде болсо прокурор, сот бар.

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.Анын айтуусуна караганда, бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан: "Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди", - деди ал.

Прокурор менен сот бир тууган кишилер кызмат боюнча. Жогорку Сотко төрага болгон Замирбек Базарбековдун 2016-жылы судья болгонун, кийин Садыр Жапаровдун адвокаты экенин белгилеген, ал эми 2020-жылдын 25 декабрында президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп Атамбаевдин убагындагы жел тийбес Манас Арабаевдин ордун ээлеген. 2021-жылдын июнунда Жогорку Соттун судьясына айланган. Каржы министрлигинин айтымында орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 360 000 сомго көтөрүлгөн. Ал эми 3000 же 5000 сом алган пенсионерлер эптеп-септеп оокатын кыла бериш керек. Ачка элди, «акча» соттор мүлжүп жешеби? Эл жакырданып, соттор байып бараткандын себеби коррупциядан уламбы? Соттор мурун эле «сол» тараптан тапкан пайдалары үчүн элден өзгөчө жашап келишкен. Эми 160 миң сом алып жатабыз дешип ачык эле элден айырмаланып  жашай башташабы?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «жиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айткан. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Жакында эле эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом), өтүгү миң доллар (84 500 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар (8 млн 300 миң сом). Ушулардын ана башы Жогорку соттун экс-төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголуп, кызматынан кеткен. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалып, 2021-жылы бошогон. Анын ордун ээлеген Бакирова эми Базарбековго кызматын өткөрүп берген.

2013-жыл Курманкул Зулушев камакта жатышкан Жапаров, Ташиев жана Мамытовду бошотуп, актаган, учурда Башкы прокурор, ал эми Жапаровдун адвокаты  Замирбек Базарбековдун Жогорку Сотко төрага болгонуна деле таң калбай эле койсо болот. Президент Садыр Жапаров Кыргыз сот адилеттигинин тарыхында адамдын тагдыры атайын өзгөртүлгөн учурлар болгонун учурунда билдирген. Бул тууралуу өлкө башчы Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын II съездинде айткан: «Кыргыз соту тегирмен сыяктуу. Эгер ага түшүп калсаң, оңой менен чыга албайсың. Мен бул тегирменге түшүп, бир нече жылдар бою бардык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн адам катары айтып жатам. Эгерде адвокаттар жок болсо, биринчиден, алардын моралдык колдоосу болбогондо, мен болгон нерсенин баарын көтөрө алмак эмесмин», - деди ал. Адвокаттардын курултайына өлкөнүн аймактарынан келген жактоочулар, юристтер катышкан. Кыргызстанда 4000 ашык жактоочу иштөө үчүн уруксат алган.

33 миллион евро же  3300 000 000 сом коротулуп каралып жаткан кодексте милициянын укуктарын азайтып прокуратура, сотторго көп укуктар берилген. Кодекске байланышкан долбоор иштелип, мында практика жүзүнө колдонулган көптөгөн келишпестик нормаларды карап, талданган. Жалпы 285 кодекске өзгөртүүлөр кирди. Мисалы, дал келбестиктер, карама-каршылыктарга абдан катуу көңүл бурулган. Жазалануучулардын жана жабырлануучулардын укуктарын карап, аларды сактаганга аракет кылышкан. Ошондой эле, бардык кылмыштардын жазаларын жеңилдетилген. Жарандар ар кандай дооматтарды айткандыгына байланыштуу булардын баары эске алынган. Андыктан сот гана акыйкат чечим чыгарышы керек деген максатта, аларга көп укуктар берилген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетининин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2019-жылы ишке кирген кодекстерди иштеп чыгууга жалпы 33 млн. евро кеткенин маалымдаган. Зулушев: “33 миллион евронун тагдырына тапшырма берсеңер, иликтесе болот. Бирок таяктын эки учу бар. Ал биздин эмес, жардам акча экен. Мамлекет тарабынан макулдукка гана кол коюп берген. Эл аралык өкүлчүлүк акчаны өздөрү бөлүштүргөн”.

Зулушев учурда кодекстерди иштеп чыккан прокуратура кызматкерлерине кошумча каражат бөлүнбөгөнүн маалымдады. Депутаттар тарых үчүн 33 млн. еврону кимдер алганын аныктоо керек экенин билдирген. 2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Жаңы кабылган кодекстер жөнүндө иликтөө жасалып келатат. 

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости