www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саналуу күндөрдөн соң бийлик Ошто эгемендүүлүк күнүн өткөрөт. Андан ары Ноокатты көздөй оңдоло турган жол Текебаевдин көз жашын тамызат окшойт. Ал "мен тилдейм, силер камерага тарткыла" деп өзүн пиарлап "Көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат" деп илгертен ташка тамга баскандай айтылган макал бар. Мындан улам, бир чындыкты айтууга туура келет. Азыркы кезде өлкө башчысы баш болуп, министрлер төш болуп жалаң пиар менен алек болуп калышты. Томуктай ишти тоодой кылып, жоктон бар кылып, элди маалыматтык манипуляция менен сугаруу күч алды. Мына айталы, ИИМ эки жыл мурунку эски видеону таратып, кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз деп элди алдап пиар кылып жатса, Транспорт министри Тилек Текебаев болсо, төө кыядан өткөн соң, оо-у дегениң курусун болуп Фейсбукта жол курган куруучуларды тилдеп, анысын видеого тарттырып куру пиар кылып жатат. Кудум, мен урушам, сен камерага тартып тур деген сценарий көз алдыңа тартылат. Урушса, тилдесе деле камерага тарттырбай айтса болот беле? Жок, өзүнчө эле "мен азыр тилдемиш болом, силер күнөөкөр катары шылкыйып тургула" деген мыскыл-тамаша... Анан да жумушчуларды "эрте туруп иштебейсиңерби, асфальттын баарын сыйрып салбай, аз-аздан, 5-10 километрден оңдобойт белеңер" деген видеосуна кошуп, Фейсбук баракчасына аябай акылдуу кептерди жазыптыр. Министр өз сөзүндө: "Талап болмоюн, иштин жүрүшү мүмкүн эмес! Балыкчы-Барскоон-Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6 -чакырымына чейинки курулуш иштери кечеңдеп, жай жүрүп жатканынан таңкы саат 07:00 күтүүсүз барып текшерүүгө алдым. Аталган унаа жолдун 71-чакырымынан 141,6 -чакырымына чейин «Арек Строй» компаниясы куруп жатат", - деп маалымат жазды. Эгер Текебаев чындап эл десе, ошол жол курган компания асфальттын баарын сыйрып, жолдун тоз-тополоңун чыгарып жатканда, "токтоткула, ченеп 5-10 километрден сыйрып, ал жерди бүткөн соң кийинкиси оңдогула" деп, бүткөрүлө турган узундуктагы чакырым жолду 5-10 километр кылып бөлүп, график түзүп берип койсо болот беле? Болмок. Анан түштөн кийин калп эле элге иштеп жатабыз деген түр көрсөтүп, аңтарылып чаңы асманга сапырылып, каралбай жаткан жолго барып, жумушчуларды тилдемиш болуп курулай пиар кылбай. Эл деле билип бүттү, силердин манипуляция кылган жосунсуз жоругуңарды. Калпыңарга кекиртектен тоюшту...

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды тилдеди. Маалым болгондой, Текебаев курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон. "Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштери кечеңдеп жаткандыктан эртең мененки саат 07:00дө күтүүсүз барып текшерүүгө алдым", — деп жазды министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына. Ал жумушчуларды ишти эрте баштоого чакырган. "Кана ишти баштаганыңар? Бир дагы техника чыга элек. Жаңы турдуңарбы? Асфальтты алыңарга жараша сыйрыбайт белеңер! Баарын алып салып ыңгайсыздык жаратып жатасыңар. Иштегиле! Жумушту саат 6:00дө баштагыла", — деди министр. Ал ошондой эле аталган унаа жолдун 71 чакырымынан 141,6 чакырымына чейин "Арек Строй" компаниясы куруп жатканын кошумчалаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости