www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швейцариянын Давос форумунда Европа комиссиясынын төрайымы, барондун тукуму, немка У́рсула Гертру́да фон дер Ля́йен өзүнүн укмуштуудай оюн ортого салды. Ал Украинаны күчтөп, Орусияны «канталамайга» алып бөлүп-жарып, талап-тоногусу келгенин жашырган жок. Орусияны майдалап, торт сыяктуу кесиндилерге бөлүп, кесиндилерди бөлүп алыш керек экен. Азыр АКШ, Европанын күчтүү мамлекеттери жакшы пирогдорго суусап турат. Орусияда болсо газ, мунайзат, алмаз жана башкалар чыккан жакшы «кусоктор» көп.
Украинанын Киев облусунда тик учак кулап, бир нече адам каза болгонун Улуттук полициянын башчысы Игорь Клыменко билдирди. Белгилүү болгондой, авиакырсыктын кесепетинен Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский жана анын орун басары Евгений Енин көз жумду. Учак 18-январь күнү эртең менен Бровары шаарында болгон. Кыйраган тик учакты Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы башкарган. УНИАН агенттигинин маалыматына караганда, тик учак бала бакчанын аймагына кулап түшкөн.
"Учурда 16 адам каза болгону, анын экөө жашы жете элек балдар экени белгилүү болду. Каза болгондордун тогузу учактын ичинде болгон. 22 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын ону жаш балдар", — деди Игорь Клименко. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка коюу туман себеп болушу мүмкүн. Учкуч тумандан улам бийик имаратты байкабай, дароо жогору көтөрүлүүгө аракет кылганда башкарууну жоготуп койгон.
Украинанын коопсуздук кызматы кырсыктын үч себебин кароодо – учуу эрежелерин бузуу, техникалык мүчүлүштүктөр жана транспорт каражатын атайылап жок кылуу аракети. Маалыматка караганда, тик учактагы тогуз кишинин баары, анын ичинде Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын биринчи орун басары Евгений Енин жана мекеменин статс-катчысы Юрий Лубкович мерт болду.
Кырсыктан жараат алган 30 кишинин арасында бала бакчанын 12 тарбиялануучусу бар. Киев облусунун администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты. Бакчадагы балдар менен тарбиячылар эвкуацияланды. Бровары шаардык администрациясынын башчысы Игорь Сапожко тик учак Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таандык болгонун билдирди.
Украин өкмөтүнүн башчысы Денис Шмыгаль өлкөнүн ички иштер министринин милдеттерин убактылуу Улуттук полициянын башчысы Игорь Клименко аткара турганын билдирди. Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчиси парламент менен талкуулагандан кийин дайындалат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg