www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ипотекалык насыя. 2022-жылы 1804 киши турак жай менен камсыз болду

2022-жылы "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1 миң 804 адам 4 млрд 655 млн сом ипотекалык насыя алышкан. Финансы министрлигинен билдиришкендей, "Менин үйүм 2021-2026" программасын ишке ашырууга жана 2022-жылы "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында  министрлер кабинетинин токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3,8 млрд сом бөлүнгөн. 

2022-жылдын 31-декабрына карата ("МИК" ААКнын маалыматы) электрондук порталга "Менин үйүм 2021-2026" программасына катышуу үчүн 56 миң 800 жаран катталган, анын ичинен 19 миң 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат. 

Белгилей кетсек, "МИК ААК тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз алдынча багыттар боюнча кайра бөлүштүрүлөт (Ипотекалык кредиттөө, турак жай курулушу ж.б)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости