www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Канышай Мамыркулова, "Байлардын барымтасында калган - Кыргызстан", деген талкууну өзүнүн социалдык тармагы аркылуу чириген байлардын бири Шаршенбек Абдукаримовго жем таштады. 

Канышай Мамыркулованын кезектеги "калепмир" баяндамасы төмөндө толугу менен: 

--Эми мындай. Анча-мынчага серпилген адатым жок. Бирок, такыр эле тайраңдап кеткендердин так эле жакасына жармашкан жаман адатым бар. Муну мойнума эле алам.  Эми маселе мындай. Кыргызстан байлардын барымтасында калган эле мамлекет. Калгандары мигрант жана башкалар. Мына ошолордун сап башында Шаршенбек Абдыкеримов келатат. "Салык төлөйт, калкты иш менен камсыз кылат" деген өңдүү жооткоткон жооптордун зарылдыгы жок. Байлыктын башы кантип башталганын жана башка жагдайларын баары билет. Бул башка кеп албетте.  Эл арасындагы Шаки деген каймана аты бар бул адамдын мурду болоор-болбос көрүнгөндө Шаршенович шашып тура калчу экен. Эми Шарипович деле обдула калып жатса керек. Анткени, олигарх да... Бул адамга менин кандай "сөөк өчүм" бар? Жөнөкөй эле. Көралбастык...Ичи тарлык... Себеби, менин жаман үйүмдүн жанында Шакинин төрт жарым гектар аянтты ээлеген "Аюкомфорт" деген соода борбору бар. Болуптур, иштеп атышат. Ага кеп жок. Эми маңдайына базар сала баштады. Анысына дагы ыраазы. Акыры барып мен деле соода кылам. Маселе, анын соодасы өркүндөсүн деп отуруп, менин үйдөгү жарыктыгым эмнеге жарыгы жок, чайсыз калышы керек? Болуптур, жумушчулары күндүз өчүрсүн. Түнкүсүн кошуна жыйырма үй Шакинин базарыбы же башкасыбы жарык менен камсыз болсун деп карап отуралыбы? Эскертүү...Элден кечирим суроо деген болобу? Жарыктыгым "Раматылык атаң согуштан өлбөй келген, бир күн жарык өчсө өлүп калмак белем" деп чай ууртап отурат. Мына ушул менин жарыктыгым сыяктуу ичин кең салган эл бар үчүн жаман дардактап баратасыңар. Уят да...", деген пикирин Фейсбук баракчасына жазып калтырды Канышай Мамыркулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости