www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Кыйноо түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2017-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы угулду

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борборунун 2017-жыл үчүн ар жылдык баяндамасы угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов өткөн жылы 46 убактылуу кармоочу жай текшерилип, анда отурган жарандардан алынган сурамжылоолордо 48 сааттан көп кармалган учурлар бар экенин белгиледи. Ал эми мындай жайларда санитардык абал, жылуулук жана башка шарттар боюнча жылыштар бар экени, бирок видео-камералар менен камсыздоо маселеси тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын талаптарына жооп бербестиги белгилүү болду. Маалыматка ылайык, аталган Улуттук борбор тарабынан 7 психиатриялык мекеме текшерилген. Анда бир бөлмөдө 10-14төн бейтаптар жайгашкандыгы ачыкталган. Бул жайларда психотерапия жоктугуна байланыштуу дары менен дарылоо жүзөгө ашырылат. Жалпысы кыйноолор жөнүндө арыздарды кабыл алуудан баш тарткан, кыйнаган жактар жазасыз калган учурлар кездешери белгиленди.

Суроо-жооп маалында Нурдин Сулайманов борборго түшкөн арыздарга караганда жыл өткөн сайын кыйноо фактыларынын саны көбөйүп жаткандыгын билдирип, балким бул жагдай мекемеге болгон ишеним артып жаткандыгына байланыштуу болуп жатабы деген пикирин айтты. Эл өкүлү Кожобек Рыспаев абак жайларда кармалгандардын тамак-ашы кыйноодон дагы начар экенин, тамак-аш продуктыларынын сапатын текшерүүгө көңүл бөлүү зарыл дейт. Депутат Руслан Казакбаев бир катар кесиптештери менен аталган борбордун ишмердүүлүгүн борбор жетекчилиги менен чогуу кыдырып, таанышып чыккандыгын айтып, жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости