www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада таштанды жана  түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салына турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекция билдирди.

Маалыматка ылайык, ушу тапта жалбырак өрттөө күчөп турган маал. Инспекторлор байма-бай текшерип, тартип бузган жеке тараптарга 2000 сом, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып пул салынмакчы.

"Күйгөн жалбырактан чыккан ис ден соолукка зыян. Аны өрттөө шаардын биотүрдүүлүгүн жок кылат", — дешти инспекциядан.

Мыйзам бузгандарды көрүп-билгендер болсо 185 (мэриянын Call-борбору) же (312) 65-81-59 (Санитардык-экологиялык инспекция) телефондору аркылуу билдирсе болот.

Булак: "sputnik.kg"



 

Последние новости