www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көп жашаган эмес көптү көргөн адам бир нерсени боолголой аларын турмуштан байкап калганбыз. Анын сыңарындай кимдер гана Кыргызстандан качып кайра келбеди дейсиң? Маселен, Равшан Жээнбеков менен Эдил Байсалов Бакиевдин бийлигинин мезгилинде куйругун кыпчыган бойдон өлкөдөн Америкага бозуп кетишкен.
Экинчи ирет төңкөрүш жүз бергенде экөө тең эч нерсе болбогондой жылып келип, чоң устуканды мыкчууга аракетин чегеришкен. Эдикең Отунбаеванын этегинин алдына кирип оокатын кылганы боюнча кыйла кызыктуу фактылар бар. Бирок, тез эле ээрден кулап түшүп, кийин министрге орун басарлыкка жетишти. Ал жерден деле түзүк “чуңкур” казалбай четке сүйрөлүп калганын билебиз. Равшан болсо беш жыл парламентте отурду. Андан бери бош жүрөт.
Жылдар болсо өз өкүмүн кылып улам жаңырып жатат. Байсалов деле кыйла такшалды, арыкты кантип тайыз чапканды өздөштүрдү. Ошентсе да кээде тарс эттире “тапанчасынан” ок чыгарып жиберип, резонанс жаратып коет. Өткөндө ар кандай омбу кептери аркылуу сынга кабылган парламенттин өкүлү-Сайдулла Нышановдун аргасын алты кетирди “Азаттыктын” төрүнөн. Сага окшогон депутат болгондон көрө тим эле жүргөнүм артык, эмки шайлоодо сенден көп добуш албасам элеби, дегендей түр көрсөттү, Эмикең тигиге тике карап туруп. Бирок, ошондогу бир пикири негедир көпчүлүктү ойлонтуп койду. Чамасы Байсаловдун билгени бар окшойт. Жаздын келиши го дурус, анткени менен өлкөгө бир бүлүк түшсө кандай болор экенбиз дегенди кыйытты. Деги аны эмне балээ бүшүркөтүп жатканын сезгендер болдубу? Кеп ошондо…
Булак: "Ачык сөз"