www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-генпрокурор Аида Салиянова учурунда “мен кыйын” деген көпөстөргө, тың чыкма билермандарга, мансабына таянган чоңдорго сез көргөзүп, көздөрүнө тике карап, жакшы эле өзүнүн укугунан пайдаланып, элдин талабын ташаканына өткөн мезгил күбө. Андан дагы жаш туруп үлкөн кызматтын жүгүн артынып, ичип-жеп көнгөн депутаттардын, министрлердин кекиртегине кылган болуп сайылганы бар.
Бирок, жогору жактан ошол кездин чоң билерманы тизгинин тартып, катуу бараткан таскагын жайлатып, акыры чоң ичип, чоң жегендер өздөрүнө табакташ кылып алганда, байлыктын азгырыгына эмне болуп кирип кеткенин билбей, кызматтан түшкөндө өзүнө дагы кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылганы эсибизде. Эгер жаш баласы болбогондо абакта олтуруп калат беле ким билет.
Эми минтип мансаптан четтеп турганда чоңдор менен бекер гана табакташ болуп, алардын сөзүнө кирбей койбой деп өкүнүп турган кез. Айткандай саясаттын сасык оюну Аида айымды да булгап, өз чөлкөмүн тартып алганы албетте өкүнүчтүү. Ооба, баары эле башында кыйратып жиберчүдөй ишти баштайт да, анан эле баштары баткандан кийин эл душманы аталып, кылмышкер болуп чыга келет, кудум Аида Салияновадай болуп.
Көрсө саясат деген неме ак адамды кара кылып салат белем.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg