www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бир эле күндө соттун чечими менен бошотулуп, ошол эле күнү «Манас» аэропортунан жеке самолет менен Чеченстанга учуп кеткени кызуу талкууга түшкөн эле. Андан бери алты жыл убакыт өттү. Ошол 2013-жылы өлкө башында Алмазбек Атамбаев турган. Анан Батукаевдин эркиндикке чыгарылып, ошол эле күнү өлкө сыртына чыгып кеткенине Атамбаев бир кейип да койгон эмес. Тескерисинче бул маселени козгоп, талкууга алгандарды куугунтукка алган. Болгону ошол кездеги Омбудсмен Турсунбек Акун менен вице-премьер Ш. Атаханов кызматынан кеткен болчу.
Анын түрмөдөн бошотулушу, соттун кандай чечим чыгарары, кайсыл күнү чыгарары баары алдын-ала сүйлөшүлүп, макулдашылганы да белгилүү. Себеби, соттун чечими чыкканга чейин 2 айча мурун ага паспорт берүү өтүнүчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Мамкаттоодон сураган. Анан соттун чечими чыгалекте эле аны аэропортто жеке самолет күтүп турган. Мына ушул окуя тууралуу убагында «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаев катуу айткан эле:
«Түрмөдө өлүп калбасын деп чыгардык дейт. Ал түрмөдө колунан келишинче дарыланышы керек, өлсө айла жок, Кудай алып кетти. Эмне биз өлбөй атабызбы? Азиз Батукаев кылмышкер. Анын жасаган кылмышы өтө оор. Адамдарды өлтүрүп, түрмөдө тынымсыз бунттарды чыгарып, кылмыш кылып келген. Мыйзамсыз «общакка» акча жыйнап, кылмышкерлерди тукуруп келген адам. Ал кыргыз мамлекетинин идеологиясына каршы. «Мен мыйзамга каршымын, мен кылмышкерлердин атасымын» деп өзүнүн кылмышын андан ары уланта берди. Рысалиев айтып атат, алты-жети жылдан бери чечендер аны чыгарып кетебиз деп аракет кылып атат деп, ошонун өзү далил болуп атпайбы. 2005-жылы Феликс Шаршенбаевичке «чыгарып бер» деп суранганда чыгарбай койгон. 2007-жылы Бакиевден суранганда, ал чыгарбай койгон. Анан Зарылбек айтып атат «5-6 жылдан бери аракет кылып атат чечендер, бирок мен чыгарбаймын» деп атат. Эмне үчүн эки айдан кийин адамдарын жөнөтүп, мыйзамсыз жыйынтык чыгарганына карабай, кол алдындагыларды түртмөлөп, «заставить» этти деп эле айтам мен. Сотко берсе сотко берсин», - деген ал.
Демек, убагында Бакиевден да суранышканда ал Батукаевди бошоткон эмес. Себеби, аны бошотуу – мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрө турганын билген. Ал эми Атамбаев болсо акчанын азгырыгына кирип, аны бошотуп жатат. Ошондо биз АШАны ким деп атайбыз? Деги ал ушул күнөөсүн мойнуна алат болду бекен, жигит болсо.
Булак: NazarNews.kg