www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгы менен келишпестик болуп жаткан тасмасы тарап, социалдык тармакта кызуу талкуу жүрүп жатат.

Видео тасмадагы ызы-чууга күбө болгон Асан Саипов окуянын чоо-жайын төмөнкүчө түшүндүрдү.

--Ошол күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Катар элчилигинин колдоосунда муфтият ооз ачар өткөрүп жаткан. Ифтарлыкка Түркия тарабынан террорлукка шектелген ФЕТО уюмунун мүчөсү Орхан Инанды да чакырылганы кызык болду. Эң кызыгы Муфтиятта иштеп жаткан гүлленчилердин тизмеге атайын Орхан Инандыны жазып койгондугу же муфтийдин Орхан Инанды ким экендигин билбегендигин пайдаланышкандыгында. Муну ким кылышы мүмкүн? Буга Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин күнөөсү түздөн-түз болуп жаткандыгы анык эле көрүнүш. Орхан Инандыны андан башка ким танымак эле. Анткени болуп өткөн окуядан кийин атайын барып тизмени көрдүм. Тизмеге, Орхан Инанды деп жазган эмес, “Орхан Генч” деп жазган. Бул жерде атайын фамилиясын туура эмес жазып өзгөртүү кылышкан. Тактап айтканда тизмеге Түркия кеңешчилигинде мурда дин боюнча иштеп кеткен  Орхан Генчтин аты жөнү орун алган. Бирок эмнегедир ал бүгүнкү күндө тизмеде жүрөт дагы, алар Орхан Инандыны “Орхан Инанды” деп жазбастан “Орхан Кенч” деп жазып коюшкан. Таң калычтуусу алардын, Орхан Инандыны жаап жашыргандыгы көрүнүп турганы айдан-ачык. Тиги жерде болгон окуя атайын уюштурулган провокация болду. Анткени, “Себаттын” азыркы мүдүрү Орхан Инанды атайын элчинин жанына барып, элчинин кыжырына тийип ары-бери баса берди. Муфтияттын өкүлдөрүнүн бири Жолдош деген жигит Орхан Инандыга, “эмнеге сиз элчинин жанына келип мындай кылып жатасыз, ордуңузда отуруңуз”, десе  “жок, мен ушул жерде басып-турушум керек” деп кайра элчинин кыжырына тийди. Ошол учурда элчи ордунан туруп кетип бара жатканда, артынан жөнөдүм. Барсам, Муфтий элчиге “азыр булардын баарын чыгарам, сиз кетпеңиз, ооз ачаарга 2 мүнөт калды”, деп муфтий кайра кирип кетти. Элчи ошол жерде муфтият кызматкерлерине “эмне үчүн мындай кыласыңар, билип туруп жасадыңар, эмне үчүн террорист Орхан Инанды менен мени бир жерге отургуздуңар” деп айтты. Менин жеке көз карашымда Муфтияттын ичиндеги гүлленчилер, муфтийди пайдаланып провокация кылып алышты. Бул жерде Белоруссиядагы Кыргызстандын элчиси Жаныш Бакиев менен бирге олтура алабы? – деген суроо жаралат. Өкүнүчтүүсү, окуянын башы тасмага тартылбай, социалдык тармактарда элчи күнөөлүүдөй болуп калды”, - дейт окуяга күбө Асан Саипов.

Эске сала кетсек, мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктап, элчи менен муфтияттын ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок деп билдирди.

Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп 2018-жылдын 1-январында дайындалган.

Орхан Инанды учурда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости