www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди.

31-июлда УКМК тараткан билдирүүдө “Ар кандай маалымат булактарында экс- президент Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон материалдар тууралуу УКМК төмөнкүнү билдирет. Мындай маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет” деп айтылды.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

1-августта ал 70 жашка толот. 30-июлда НьюТВ жана НурТВ телеканалдарында аны жактап, куттуктаган тасмалар көрсөтүлгөн. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости