www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылганы тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда сыйгаланып, Ак-Булак дарыясына түшүп кетип, суунун катуу агымы жоокерди окуя болгон жерден 11 чакырым алыс агызып кеткен. Аны издөө иштерине Кыргызстан жактан да, Өзбекстан тараптан да куткаруучулар катышкан. Аскердин сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери таап, Кыргызстанга өткөрүп беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости