www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 91 млн. 694 миң 937 сом которду.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен Башкы прокуратура эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 519 млн. 260 миң сомдон ашты.

Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганын айткан.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

 

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 91 млн. 694 миң 937 сом которду.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен Башкы прокуратура эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 519 млн. 260 миң сомдон ашты.

Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганын айткан.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости