www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мен өзүм чабандын баласы болом, кичинемден мал кайтарып, ат үстүндө, атам менен мал айдашып чоңойгом. Туулуп өскөн айылым Чүй облусунун, Панфилов районуна караштуу Киров айылы. Бала чагым Чүй облусунун Киров айылында жана Суусамыр, Арамза жайлоолорунда өткөн. Кичинемден спортко кызыгып, жаш кезимден көк бөрү тартып ойноп, Кара-Балта көк бөрү командасын тузүп жетиштик. 2005-жылдан бери жаштар ынтымагын түзүп, 13 жылдан бери эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун бир нече түрү анын ичинде улуттук оюндар боюнча республикалык деңгээлде турнир өткөрүп келебиз. Өзүм 7 бир туугандын эң улуусу болом, ата-энем баарыбызга татыктуу тарбия берди. Мен 9-класска чейин айылда мектепте билим алгам, андан соң Бишкектеги Суворов атындагы училищеге, азыркы Дайыр Асанов атындагы улуттук Аскер лицейине тапшыргам, андан кийин Ички Иштер министрлигинин академиясында билимимди уланткам. Академияда эле активист болчумун, спортто да жана коомдук турмушта, кийин шартка байланыштуу Улуттук Университеттин юридикалык факультетин сырттан бүтүрүүгө туура келди. Анткени үйдүн улуусу катары ата-энеме жардам бериш үчүн бизнеске аралашып кеткем. Кудайга шүгүр ини-карындаштарымдын баарына жогорку билим алууга шарт түзүп бердик. 20 жашымда эле өзүбүздүн айыл өкмөттө жаштар иштери боюнча комитетти жетектеп, коомдук иштерге аралашып баштагам.

ҮЙ-БҮЛӨСҮН ТАТЫКТУУ БАККАН АДАМ ҮЙ-БҮЛӨСҮН ТАТЫКТУУ БАККАН АДАМ МАМЛЕКЕТ ЖҮГҮН ДА КӨТӨРӨ АЛАТ

- Мен үчүн татыктуу уул, татыктуу үй-бүлө башчысы, татыктуу - ата, татыктуу эл өкүлү жана элдин татыктуу уулу болуу жашоонун маани-маңызы. Анткени баардыгы кичинекей мамлекеттен башталат, өз үй-бүлөңдү татыктуу багып, жеңил-оор жүгүн көтөрө билсең, анан чоң мамлекеттин жүгү кандай болбосун сөзсүз түрдө татыктуу алып кетесиң. Элдин ырыскысын жебей, мамлекеттин казынасын уурдабай, абийир менен жашаш керек деп ойлойм. «Эл үчүн ак ниет иштесең сөзсүз акыбети кайтат» деген сөз бар го.

АЗЫР АЛА КАЧКАН ЗАМАН ӨТКӨН

- Негизи эле жашоо жакшырган сайын адамдар маданияттуу жүрүм-турумга өтө баштайт. Кайда болбосун ар бир нерсени өз жолу менен кылганга көнөт. Мисалы, азыркы жашоо илгерки кыз ала качууну жактырбайт. Ал азыр өөн учурайт. Жеке мен өзүм дагы ала качуу туура эмес деп ойлойм, сөзсүз түрдө кыздын макулдугун алышыбыз керек, баарыбыздын кыздарыбыз бар. Эми азыр заман башка, сүйлөшүп жүрүп, бири-бирин жакындан билип баш кошкон адамдар бактылуу болот деп ойлойм. Менин келинчегим да Чүйдүн кызы болот, үйлөнөөрдүн астында жакшы жарга туш болуп, бактылуу үй-бүлө курсам деп тилек кылчумун, бүгүнкү күндө Кудайга шүгүр сүйүктүү жарым жана 5 балам бар.

АТАМДЫН АТЫН БИЙИК КӨТӨРҮҮ НЕГИЗГИ МАКСАТЫМ

- Чынын айтсам кыялдарым абдан көп. Эң негизгиси бул жакшы адам болуп, ушул бир келген өмүрдө атамдын атын бийик көтөрүп тарыхта калтыруу. Ал үчүн элге ак кызмат кылыш керек экенин жакшы билем. Тарыхта бир гана депутат катары эмес, жаратман, эл жүгүн жеңилдеткен адам катары калгым келет.

МЕН ӨЗҮМӨ ЖАНА КОМАНДАМА ИШЕНЕМ

- Кандайдыр бир кыйынчылык болобу же турмуштук сыноолор болобу жашоодо өйдө-ылдый андай учурлар көп болот. Мен жана менин командам мыкты, андай учурларды биз кеңешип бат чечкенге аракет кылабыз. Бирок ансыз дагы жашоо кызыксыз болуп калат да! Жалаң ийгилик коштоп эле тура бербейт. Белгилүү бир адамды же бизнесменди көрсөң анын ар бир күнү ийгиликтүү, кызыктуу, көңүлдүү өтүп жатат деп ойлогон туура эмес. Тескерисинче андай адамдардын көйгөйү көп болот.

ДЕН СООЛУК БОЛБОСО АДАМ АДАМГА КҮНҮ ТҮШҮП, КОР БОЛОТ

- Мен эми мурда аскер окуу жайын бүткөн соң катуу тартипте чоңоюп калгам, ошол таасир эткенби, көп жөө басам. Көбүнчө айылга барганда, көчөдөн жөө басып керексиз ойлордон арылып эс алам. Ден соолук мен үчүн башкы нерсе. Ден соолук болбосо адам кор болуп, кылган ишинин берекеси кетээри белгилүү. Ошондуктан ден соолукка зыяндуу нерседен колдон келишинче алыс болуп, спортко аралашып турам.

АЗЫР ИШТЕЙМ ДЕГЕН КИШИНИН ЗАМАНЫ

- Заманга шылтоо бул өзү жат көрүнүш! Эмнеге дегенде шылтоо - бул жалкоолук, көрө албастык жана караңгылык. Заман бизге баарын жайып берип жатат, карасаңыз баардыгы бар. Жасаса болот, иштесе болот, тапса болот. Азыр иштеп гана турчу заман. Иштеген, эмгекчил адамдын гана жашоосу бардар турмушта өтөт. Жалкоолук адамдын көңүлүн карайтып, ден соолугун өлтүрөт. Мүнөзүн орой кылат. Жашоосу татаалдап, ар кимге көз артканын көбөйтөт. Жалкоолук адамдын башкы душманы. Ар бир адамдын өзүнүн ырыскысы болот эмеспи, татыктуу жашаш үчүн билим алыш керек, бай жашаш үчүн мээнет кылуу абзел. Жаштарды биринчи кезекте билимге, ыймандуу болууга жана мээнет кылууга чакырам. Жалкоолукту жеңсек эле кең келечекке ээ болобуз. Ар дайым аракеттин үстүндө жүргөн адам гана ийгиликке жете алат. Аңдыктан баардык мекендештериме ийгилик каалайм.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: "Факты.kg"

Последние новости