www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында навигациялык пломбаларды пайдалануу менен товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы№19, буйругуна ылайык навигациялык пломбаларды пайдалануу менен Товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторлорун аныктоо зарыл (улуттук операторлорун).

Ошондой эле, товарлардын транзиттик ташууларына байкоо жүргүзүү системасын пайдаланууну эске алып, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын катышуусу менен навигациялык пломбаларды пайдаланып Товарларды автомобилдик транзит ташууларына мониторинг жүргүзүү боюнча көп тараптуу эксперимент жүргүзүү пландаштырылууда.

Улуттук операторун аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын арасынан тандап алуу боюнча иш-чарасын өткөрүү пландалууда.

Улуттук операторун аныктоо боюнча иш-чара катышууну каалаган юридикалык жактар 2020-жылдын 10-февралына чейин МБКга кайрылуусу керек.

Мамлекеттик бажы кызматы бардык маселелер боюнча + 996 (312) 51-07-89 телефону боюнча кайрылууңуздарды сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости