www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Биз сот-укуктук реформа боюнча жаңы жылдан тартып эле талкууларды кылып келебиз, кечээ да терең талкууладык. Мына, Башкы прокуратура, УКМК, министрликтер абдан көп иштерди жасашып, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышытыр. Эми ошол мыйзам долбоорлорунун баары учурда өкмөттүн аппаратында жатат. Эмне алар мыйзам долбоорлорун туздап, кууруп жешеби? Бизге тезирээк алып келишпейби”.
Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 30-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Учурда тергөөчүлөр кылмыш иштердин абдан көп болуп үйүлүп кеткенине байланыштуу иштерин аткара алышпай калышууда. Кылмыш иштери сейфтерге батпай калды. Эми 2020-жылдагы бюджетке сейфтерди сатып алууга акча бөлдүрүп жүрбөйлү. Элдер нааразы бүгүн”, - деген депутат ал мыйзамдарды ноябрь айында алып келүүнү өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө эскертти.
Булак: NazarNews.kg