www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин келээрки чакырылышы бул чакырылыштын клоундарынан ашып түшпөсө болду деп Кудайдан тиленип отурабыз.
Дегенибиз, Кайрат Кыргыз деген бир түшүнүксүз адам бар. Ырчы дешет. Өзүн башкалардан өзгөчө алып жүрөт. Жакында эле 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышам деп жар салган. Сунуш кылган бир нече партия бар экен. Азырынча ойлонуп жатам деди эле.
Акылы менен достошкондор “тообо, Кудайым өзүң сактай көр” – деп жакасын кармап отурушат. Жакында эле бул ырчынын кызыктуу бир видеосу социалдык тармактарда жүктөлүп, ал кызуу талкууга алынууда. Анда Кайрат Кыргыз бирөө менен кызуу урушуп жаткандыгы тартылып алынган. Аны көрүп алып, “ушул кийин бизге мыйзам кабыл алганы жүрөбү” – деп чоочулагандар четтен чыгууда.
Булак: NazarNews.kg