www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кездери ЖКда күпүлдөп турган депутат, ага чейин энергетиканы башкарган министр, бүгүн ЖЭБ боюнча күнөөлөнгөндөрдүн бири, учурда минтип коляскада олтурган Осмонбек Артыкбаевдин сүрөтү көпчүлүктү ар кыл ойго түртүүдө.

Анын бул сүрөтүн кечээ, 29-октябрда Фейсбук баракчасына чыгарган Элмира Мадиева Артыкбаевди 28-октябрда сот залына дагы эле майыптар коляскасында алып келишкенин жазган. Ошону менен катар “Калп эле майыптар коляскасына отуруп алыптыр деген келекелөө суу кечпейт. Ооруну душманга да каалабайлы”, -деп кошумчалайт ал.

Буга далил катары дарыгерлердин чыгарган диагнозун кошумчалап, ал оорунун түшүндүрмөсүн жазып койгон. Ага таянсак, Артыкбаев гипертониялык, стенокардия (жүрөк), аорта атеросклерозу, өнөкөт өпкө оорулары менен ооруйт.

Кызыгы ал айтып жаткан дарыгерлердин жазган кагаздары кошо тиркелген эмес. Эгер аларды далил катары тиркеп койсо, өзү белгилеген, “келекелөөчүлөр” ойлонуп калышат беле?..

Эске сала кетсек, Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык ишке шектелип, 2018-жылдын 7-июнунда камакка алынган. Ал эми 2019-жылдын апрель айында соттук отрумга аны алгачкы жолу майыптардын коляскасында алып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости