www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наристе бул дүйнөгө жаралганда уйку ааламында балкып жүрүп, убакыт өткөн сайын анын кылыгы чыга баштайт. Биздин Билим жана илим министри Каныбек Исаковдун кылыгы “төрөлө элек” жатып чыккан. Ал жердеши студенттик отургучтан жаңыдан турган кызга  “Билим берүү мыктысын” алып берип, элге тескери жагынан көрүнгөн. Эми Акаевдин учурунда Соода техникумун менчиктештирип алгандар, финансы техникумун менчиктештирүүгө далалат жасай башташты. Бул окуу жайын менчиктештирүү Каныбек Исаковдун макулдугу менен ишке ашат. Деги анын буга мамилеси кандай болду экен?

 “Өзү тойбос кайната, кимге кешик калтырат”

Бир учурда кыргыздарда алкы-бузук кайната болуптур. Ал кезде аталар үйдүн ээси катары тамак алдына келгенде бардыгына тегиз бөлүштүрчү да. Бул ата курсагы тойсо да ач көздөнүп жей берчү экен. Бир күнү алдыга тамак келгенде келини айтат имиш: “Өзү тойбос кайната, кимге кешик калтырат” –деп. Ошондон ушул сөз көзү тойбос сугалактарга каршы айтылган кыргызда лакап болуп калыптыр.

Камчыбеков Төлөбектин  көзү тоёбу? Кыргыз экономикалык университетинин тарыхы 1953-жылдан башталат. Ушул жылы Фрунзе шаарында советтик соода техникуму түзүлөт. Албетте, кийин Камчыбеков Төлөбек менчик окуу жайы кылып алсын үчүн эмес, кыргыз элинин келечегине соода кызматкерлери керектиги үчүн түзүлгөн. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң бул окуу жайы 1991-жылы Бишкек коммерциялык колледжи болот. 1995-жылы бул жерге ректор болуп Камчыбеков Төлөбек келет, ал “Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?” деп бул окуу жайдын атын убак-убагы менен алмаштырып турат. Алсак, бул окуу жайы 1997-жылы Бишкек жогорку коммерциялык колледжи, 1999-жылы Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкерчилик институту, 2003-жылы Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкерчилик университети, 2007-жылдан Кыргыз экономика университети аталат. Аты өзгөрүп турду, заты эч бир кебелбей баягы эле бойдон калды. “Баягы, баягы, Баялынын таягы” дегендей бул окуу жайын Акаевдин убагында эпчилдик менен менчиктештирип алган ректору Камчыбеков Төлөбек кала берди...

 Камчыбеков Төлөбек 1995-жылдан бери “түшпөс хан”, түшпөс ректор болуп келаткан. Анын мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен мурунку Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны даңазалап монографияларды жаздырганын мындай эле коёлу. Анткени, ал жерден акчасын төлөп коюшуп, бир басып келишпей Акылбек Жапаров сыяктуу нечендеген илимдин докторлору чыгышкан.

Жакында Камчыбеков Төлөбек ордунан копшоло турган болгону элге белгилүү болду. Көпчүлүк эл сүйүндү да, болду эми өзү эч нерсени түшүнбөсө да канча жылдан бери Кыргыз экономика университетин жетектеп келди, эми чыныгы илим үчүн жанын берген, келечекте университетке инновациялык жакшы ойлорду алып келе турган адамдар ректор болуп келсин дешип. Көрсө, бул жерде “иттин өлүгү көмүлүп жатыптыр. Камчыбеков Төлөбек бекер жерден ордун бошотуп берген эмес экен. Биринчиден, трайбализмдин канына сугарылган доктор Камчыбеков өз ордуна инисин койгону жатыптыр. Ал эми экинчиден, бул университеттен колу бошогон Камчыбеков Төлөбек мамлекеттин эсебинде турган башка окуу жайын зордук-зомбулук менен басып алган жатыптыр. Камчыбеков Төлөбек зордуктап алгысы келген окуу жайы Бишкек финансы-экономикалык техникуму 1931-жылы мамлекеттин эсебинен түзүлгөн, нечендеген кыргыз кадрларын өстүрүп чыгарган. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын курамына өтүп татыктуу кадрларды өстүрүп келатат.

Бишкек финансы-экономикалык техникуму мамлекеттик кесиптик оорто куу жайы болуп саналат. Бул окуу жайына Камчыбеков Төлөбек иниси Атамбаев президент болуп жүргөндө көзү түшүп, документтерин даярдай баштаган. Акыркы мезгилде Атамбаевдин зордук-зомбулуктар менен көптөгөн мамлекетке тиешелүү объекттерди менчиктештирип жибергени жана башка көптөгөн иштеринин үстүнөн кылмыш иштери козголуп, азыр иши тергөөдө. Бишкек финансы-экономикалык техникумун да агасы Камчыбеков Төлөбекке менчиктештирип берүүнү көздөгөн. Бирок, анын мындай негизи жок ойлору ишке ашпай калганы менен, Камчыбеков Төлөбек каяктан тешик тапканы белгисиз, Атамбаевдин мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча арам ойлорун ишке ашырган турат. Бир окуу жайын толугу менен менчиктештирип көзү тойбогон Камчыбеков Төлөбек Бишкек финансы-экономикалык техникумун ээлеп алса эле иш оңунан чыгабы же ...

“Өзү тойбос кайыната, кимге кешик калтырат” деп бекер жеринен айтылбаса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости