www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Исхак Масалиев жана Жанар Акаев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүнү сунушташууда. Андай мыйзам долбоору дагы даярдалып чыккандыгын эл өкүлү Исхак Масалиев жергиликтүү басылмалардын бирине маалымдаган. 

Исхак Масалиевдин айтымында, ачык тизмеде шайлоочу партияга гана эмес ал партияга мүчө талапкерлердин тизмесине добуш бере алат. Мисалы, шайлоочу добуш берүүчү кабинага кирет, ал жердеги бюллеттенде партия жана андагы талапкерлердин курамы көрсөтүлөт. Жаран ал жерден кимди Жогорку Кеңештен көргүсү келсе ошол талапкердин катарына белги коёт. Добуш берүү компьютердин жардамы менен жүргүзүлөт. Бирок, мындай ыкмага партия лидерлери каршылык көрсөтүшү толук ыктымал. Себеби, аларга бул эреже пайда алып келбейт жана кызыкчылык туудурбайт.

- Ачык тизмеде талапкер канча каражат жумшабасын депутаттыкка өтүп кетүү кепилдиги болбойт. Андан сырткары, партиядагы жеке башкарууну жоёт. Анткени, партия лидери өзү каалагандай тизмени ары-бери жылдырып, өз билемдикке жол берилбей калат, -дейт парламентарий.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости