www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Балбак мырза, конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында кесиптешиңиз Марлен Маматалиев сизден Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга “парламент республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча министрлер кабинетинин отчетун укпайт” деген жобону киргизүү боюнча сунуш түшкөнүн билдирип, бирок кийин ал сунуш сизден эмес, Акылбек Түмөнбаевден түшкөнүн тактап кетти. Комитетте ошондой сунуш айтылды беле?

-- Ал жерде мындай болгон да. Регламентке өзгөртүү киргизилип жатпайбы. Максат – азыркы регламентти Конституцияга шайкеш келтирүү. Биздин эң башкы мыйзамыбыз – бул Конституция.

Бирок, регламентте кээ бир нерселер түшүп калыптыр. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын бюджети, эсеп палатасы отчет берет” деген сөздөр түшүп калыптыр. Бир жерде “министрлер кабинети 15-майга чейин берет” деп жазылып турат.

Дагы бир жерде “1-майга чейин берет” деп жүрөт. Дагы бир жерде датасы көрсөтүлгөн эмес. Анан биз өзүбүздүн сунушубузду бергенбиз. Регламент өтө көлөмдүү да. 45 депутат сунуштарын бериптир. Анан Марлен Абдырахманович кичине адашып алды окшойт да.

-- Демек, “Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун укпайт” деген сунуш жок да?

-- Андай жок! Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, кантип ошондой болсун! Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун кантип укпасын?

-- Кийин өзүнөн сурап көрдүңүзбү? Өзү эмне деди?

-- “Адашып алдым” деп айтты. Болушу мүмкүн да. Азыр орозо маалы. Мыйзам көп, ар кандай сунуштар түшкөн. Адам чарчайт, алмаштырып айтып алат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости