www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-апрелде Бишкекте кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өттү.

Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жыйын КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы астында өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө соода-экономикалык жана суу-энергетика тармагындагы, айыл чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууга байланышкан маселелер каралды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оңдуу динамика байкалууда.

«2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 1 млрд АКШ долларын түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөп жатабыз», - деди ал. 

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, алдыда Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапары күтүлүүдө жана учурда өтүп жаткан Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өлкөлөр ортосундагы бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошуп, күтүлүп жаткан сапарга даярдык катары саналат. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө алкагында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүн өткөрүү, Нур-Султан шаарында – «Манас» эпосунун баатырына, ал эми Бишкек шаарында казак акыны Абай Кунанбаевге эстелик орнотуу, ошондой эле бир катар башка иш-чаралар пландалууда.

Акылбек Жапаров ошондой эле кыргыз-казак чек арасында индустриалдык соода-логистикалык борборун куруу долбоорун активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Ал жалпы тарых жана маданиятка, өз ара түшүнүшүү жана ишенимге негизделген эки элдин ортосундагы калыптанып калган достук жана бир туугандык байланыштар жалпы максатка – калкыбыздын гүлдөп-өнүгүүсүнө жана бакубаттуулукка жетишүүсү үчүн бирге кадам таштоого жардам берет деген ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри белгилегендей, буга чейин эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда эки тараптуу товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча макулдашуу өз максатына жетти.

«Бүгүнкү кабыл алынган чечимдер биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө олуттуу салымын кошот деп ишенем», - деп жыйынтыктады Алихан Смаилов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости