www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков президент болор алдында инаугурацияда бир-эки кызматкер аны шылдыңдап,маймыл болуп так секирип жатканы социалдык тармактарда катуу талкуу болгон. Бирок ошол кызматкерлер жазасыз калышкан. Эмне бары бир жазасыз калабыз дешкен Балбак Түлөбаев мурдунан чүлүктөп жетелеп алган Азиз Суракматовдун кызматкерлери социалдык түйүндөрдө Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео жарык көргөн. Анда кызматкерлер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин “Чык эшикке” деп сыртка кууп чыккан сөзүн кайталап айтышкан.

Шакинин гана сөзүн сүйлөгөн мэриянын аппаратынын жетекчиси  Балбак Түлөбаев ичинен кумпуңдап сүйүнүп тим болсо керек. Болбосо өзү атка минер болуп туруп, президенттин портрети менен ойногондорду тыйып койсо болмок. Мындай арсыз жетекчини кошуп буларга жаза колдонбосо Бишкек мэриясында тап душман тапкансып президент Жээнбековго асылгандар көбөйдү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости