www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакытта СССРдин алтын фонду табылды деген маалыматтар интернет талаасына байма - бай чыгууда! Эгер ошол мурас батыш өлкөлөрүндөгү банк эсептерден кайтарыла турган болсо  СССРде туулгандар, чоң үлүш алат.

Биринчиси, Сталин Германияны жеңгенде Гитлердин бүткүл Европадан жыйнаган байлыгына ээ болуп 1947-жылдары бирөөгө мурас катары калтырган. Кээ бир маалыматтар боюнча Сталин өзүнүн тегерегиндеги Берия, Молотов, Маленков жана башка орус саясатчыларына ишеним арттырбай союздун он беш өлкөсүнүн башчыларынын жарактуусуна алтын жана башка байлыктарын мурас кылып калтырууну туура көрөт.

Экинчиси, 1991-1993 жылдары союз ыдыраганда СССРдин акча каражатынын баарын Москвага жыйнашып жаңы түзүлгөн жеке ишмерлердин эсептерине которушуп анан 174 мамлекеттеги банктардын эсептерине чыгарып кетишкен. Горбачёвдун бюджеттеги актив балансы Ельцинге өткөндө жок болуп кеткен, которулган каражаттардын бир ири бөлүгү ошол учурдагы депутаттардын бири, "Тан" ассосиациясы жана банкы бар ишмер Шашурин Сергей Петровичтин эсебине 4 трлн рубль акча которулат. Ээ болуп калган Шашуринден компартия чоңдору ала албай койушат, Ак үйдө жашынып жүргөндө ачка кармап светин өчүрүп,  таңкалар менен атып акыры чыгарып Хасбулатовду, Гайдарды Ельцин командасы камакка алып, сурактан кийин экөөнү бошотуп Шашуринди камап койушат. Андан кийин анын атына болгон жасалма документ паспорттор менен Тан банкынын эсебиндеги акчаларды 174 мамлекеттин банктарына чыгарып кетишет. Ошол убакта 3 500 тонна алтынды Германиянын Франкфурт шаарындагы Дрезден банкына алып келишет, ошол жерди королоп тосуп эч кимди жолотпой элге согуштан калган чоң бомбаны таптык деп койушат. Анан ал банкты жойушуп КоммерцБанк аташат, Германиялык Коммерциялык банк ал активди АКШга сактоого берет.

Мындан бир жарым жыл мурун Шашурин расмий кат менен Германиянын Коммерц банкына жана Ангела Меркелге алтындардын ээси мен деп кайрылат. Меркель Коммерц Банктын алтындарын сактоодон өз ээсине кайтарууну Трамптан өтүнөт. Ошондон кийин Трамп Европалык оор темир иштетүү өндүрүштөрүнө салык пошлиналарын жогорулатууну айтып чыгат. Бирок иштин жайын түшүнүп орус байларынын дүйнөдөгү банк эсептериндеги акчаларын кайдан келгенин изилдеп, алар мыйзамсыз ээ болуп алгандыктан ал эсептерин блоктоп, Орусия бийлигине болгон санкцияларды дагы көбөйтүп койот.

Мына бүгүнкү күнгө чейин камактардан бошобогон Шашурин толугу менен бошоп, СССРдин байлыгын СССР мамлекеттеринин жарандарына кайтарып берем деп жүрөт! Шашуриндин арыздарынын негизинде бүткүл дүйнөнүн оффшор зоналарындагы банкктар кыймылдашып ич ара изилдөөлөрдү жүргүзүп, акчалардын чыккан издерин карашып жатышат. Ири көлөмдөгү акча каражаттарынын өз ээси табылып, көптөгөн орус байлары жана бийликтегилери камалганы турат. Ал эми биздин колубузда СССРдин жараны экенибизди тастыктаган бир гана туулган тууралуу күбөлүк бар, ошол документ жана 3×4 см размериндеги сүрөт керек экен.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости