www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчыда көп тармактуу медициналык комплекс курулууда

Балыкчы шаарында көп тармактуу клиника-диагностикалык, медициналык комплексин куруу үчүн капсула салынды.

Иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, меценат Мирлан Исагалиев, Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу, шаардык аймактык оорукананын башчысы Талант Жумагазиев жана ардагер дарыгерлер, медиктер, жергиликтүү жашоочулар катышкан.

Чогулгандарга медициналык комплекстин долбоору көрсөтүлгөн. Медициналык комплекстин курулушун меценат Мирлан Исагалиев каржылай турганы айтылды.

Долбоордун болжолдуу сметалык наркы — 18 миллион сом.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости