www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысынын орду бош турат. Ыманалы Саркулов убактылуу башчынын милдетин аткарууда. Башчылыкка ушул кишини бекитет дешти эле, бирок Саркуловдун МАИ башчылыгына кой, МАИ болууга тиешелүү билими жок экенин УКМКнын тыңчылары иликтеп чыккандыгын кулагыбыз чалды.

Анда ал киши кайсыл негиздерге таянып, МАИ кызматынын жетекчиликтеринде иштеп келген деген суроо туулат? Бул жагы да жоопсуз калууда.

Аталган кызмат өлкөдөгү эң майталкандуу кызматтардын катарына кирет. Ошол себептүү азыркыга чейин башчылык орундун тагдыры чечилбей жатат. Өткөндө ставкасы 100 АКШ долларга чейин жеткени айтылган. Эми канчага чыкты экен?

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жагына көңүл бөлүп койсо жакшы болот эле. Издеп жаткан коррупциялык схема ушул жакта жатат.

Ии баса, Бишкек МАИ башчысы Шайырбек Бопонов, (сылаңкороз), ал да башкы МАИчи болуу максатынан баш тарта элек...

Булак: "Ачык саясат"
 

Последние новости