www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Атамбаевсиз СДПК" деген кыймылды түзүп, колтугуна Кененбаеваны кыстарып алып, аймактарды кыдырып жүргөн Сагынбек Абдрахманов өз миссиясын аяктап калды көрүнөт.

Бийликтеги колдогон кожолорунун колдоосу менен түндүктү түрө кыдырып бүтүп, эми түштүккө аттанганын жар салды.

Бирде Асылбек Жээнбеков менен сүйлөшүп, анын көрсөтмөсү менен Иса Өмүркуловго жолукканын жар салса, кечээ Асылбек Жээнбековго эми жолугаарын айтты. Бу кишинин кайсыл сөзүнө эл ишенет? Өзүнүн айтканына өзү каршы чыккан Абдрахмановго дуба окулган эмеспи дешип, коомчулукта ар түркүн ой жаралууда.

Болбосо пайгамбар жашындагы адам, жанына СДПКдан айдалгандарды, СДПКга өмүрү кирбегендерди ээрчитип алып, элдин башын айлантпайт эле да.

Кандай болгон күндө да, Сагынбек Абдрахманов "кожоюндарынын" тапшырмасын так аткарууда. Арты жакшы болгой эле. Элдин тынчтыгын бузууга жол берип жаткан бийлик да абайлаш керек. Саясаттан оолак болуп, өлкөнү өнүктүрүү менен алек болуш керек эле...

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости